Жыл башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

Жыл  башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала баалоого ылайык 264 млрд 52,5 млн сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,8%га көбөйгөн.

Ошол эле учурда экономиканын өсүү темпи бир аз жайлады: 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 9% болгон.

ИДПнын түзүмүндө төмөнкү секторлор негизги үлүштү түздү:

  • кызмат көрсөтүү тармагы — 49,9%дан ашык
  • товар өндүрүү тармактары — 31,1%
  • продукцияга таза салыктар — 19%

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө (2025-жылдын январь–февраль айлары менен салыштырганда) негизинен төмөнкү тармактар салым кошкон:

  • химиялык продукция өндүрүшү — 3,1 эсеге өскөн
  • фармацевтикалык продукция — 1,7 эсеге өскөн
  • резина жана пластмасса буюмдары, курулуш материалдары, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык продукциялар — 1,6 эсеге өскөн
  • транспорт каражаттарын өндүрүү — 42,4%га көбөйгөн
Баалар боюнча айтсак, 2026-жылдын январь–февраль айларында (2025-жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө баалары жана тарифтер 1,9%га өскөн.

Жылдык эсепте инфляция 9,7%га жетти.

2026-жылдын башынан бери эң көп кымбаттаган товарлар жана кызматтар:

  • калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери — 3,6%га
  • алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары — 2,2%га
  • тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар — 2,1%га.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media