М.Тургунбаев: ESG - экология банктык тобокелдикке айланганда

М.Тургунбаев: ESG - экология банктык тобокелдикке айланганда

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев өзүнүн баракчасында “ESG: экология банктык тобокелдикке айланганда” аттуу билдирүүсүн жарыялады. Анда төрага, бир нече жыл мурда ESG негизинен эл аралык конференцияларда угулса, азыр банк тутумунда жана инвестициялык чөйрөдө көбүрөөк талкууланып жатканын билдирип, туруктуу каржылоо убактылуу тенденциябы же жаңы стандартпы?- деген суроону талдоого алды.

Тургунбаевдин айтымында, ESG-бул каржылык чечимдерди кабыл алуунун жаңы ыкмасы. Анын негизинде банктар пайыздык ченди жана күрөөнү гана эмес, долбоордун өзүнүн туруктуулугун - анын экологиялык тобокелдигин, социалдык кесепеттерин жана корпоративдик башкаруунун сапатын баалашат.

“Кыргызстан үчүн бул тема тажрыйбалык мааниге ээ. Климаттын өзгөрүшү экономикага таасирин тийгизип жатат - кургакчылык, жер көчкү жана башка жаратылыш кубулуштары инфраструктурага, айыл чарбасына жана калктын кирешесине таасирин тийгизет. Натыйжада, бул тобокелдиктер акырындык менен каржы системасына өтөт – дейт төрага.

КРУБ төрагасынын баамында экологияда маселе жаралса, энергетикалык компаниялардын туруктуулугу жана банк портфелдеринин сапатына таасир этет. Андыктан, Кыргызстанда туруктуу каржылоонун инфраструктурасы акырындык менен калыптанууда.

«Кайсы долбоорлорду экологиялык деп эсептөөгө болорун аныктаган улуттук “жашыл” таксономия бекитилген. Улуттук банк дагы БУУӨП менен биргеликте иштелип чыккан, ESG принциптерин киргизүү боюнча жол картасын ишке ашырууда. Эмне үчүн дүйнө жүзү боюнча банктар ушул багытта жылып жатышат? Анткени глобалдык капиталдын структурасы өзгөрүүдө” – деп белгиледи М.Тургунбаев.

Мындан сырткары төрага туруктуу каржылоо рыногу триллиондогон долларга бааланып, инвесторлор барган сайын ачыктыкты, отчеттуулукту жана тобокелдиктерди башкаруунун түшүнүктүү стандарттарын талап кылып жатканын билдирди. Айтымында, туруктуу каржылоо модага байланыштуу эмес, ал учурдагы дүйнөлүк каржы рыногундагы стандартка айланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы турак эмес мүлк салыгын төлөө мөөнөттөрүн эскертти

Салык кызматы турак эмес мүлк салыгын төлөө мөөнөттөрүн эскертти

Мамлекеттик салык кызматы турак эмес мүлк объектилерине салынуучу салыктын төлөө мөөнөттөрүн эскертип, салык квартал сайын тең үлүштөр менен 20-мартка, 20-июнга, 20-сентябрга жана 20-декабрга чейинтөлөнөрүн билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Салык мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө салынуучу салыкты эсептөө жана эсепке алуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми салык төлөөчүлөр

Манас шаарында курулуш эрежелери сакталбаган 14 кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Манас шаарында курулуш эрежелери сакталбаган 14 кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында мыйзам бузууларга байланыштуу 14 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу убактылуу токтотулганын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштери керектүү уруксат берүүчү документтерсиз жана долбоордук-сметалык документацияга мамлекеттик экспертизанын оң корутундусуз жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Ошондой эле жер иштерин толук бүтүрбөй туруп,

Талас шаарында Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имараты курулуп жатат

Талас шаарында Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имараты курулуп жатат

Талас шаарындагы Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имаратынын курулушу активдүү уланып жатканын аталган облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, имарат президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулуп жатат. Учурда жалпы аянты 5 миң 600 чарчы метрди түзгөн 5 кабаттуу имараттын пайдубалы түптөлүп, экинчи кабатынын курулушу жүрүп жатат. Жаңы кампус бардык заманбап окуу

Бишкекте мыйзамсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарында курулуш реестрине катталбаган 9 кабаттуу турак жайдын курулушу аныкталып, курулуш жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынып, иштер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Варкутинск көчөсүнүн №35, 37 жана 39 даректеринде курулуп жаткан