Кыргызстандагы эки коммерциялык банкка айып пул салынды

Кыргызстандагы эки коммерциялык банкка айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки коммерциялык банкка Улуттук банк тарабынан атайын чара колдонулду.

Улуттук банк тараткан расмий маалыматка караганда, ар бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бирок, маселе кайсыл коммерциялык банк жана кандай мыйзам талаптарын бузгандыгы тууралуу болуп жаткандыгы ачыкталган жок.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын аймагында 24 коммерциялык банк жана алардын филиалдары ишмердүүлүк жүргүзүшөт.

💡
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Жыл башынан бери өнөр жай тармагы 15%дан ашык өстү

Жыл башынан бери өнөр жай тармагы 15%дан ашык өстү

2026-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Айрыкча өнөр жай тармагында жогорку көрсөткүчтөр катталды. Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, эки ай ичинде өнөр жай ишканалары 147,8 млрд сомдук продукция өндүрүп, өсүү темпи 15,5%ды түздү. Ал эми "Кумтөр" кенин эсепке албаганда, өсүш 29%

Жыл башынан бери өлкөдө 116 млн жүргүнчү ташылып, транспорт кызматтары 3,5%га кымбаттады

Жыл башынан бери өлкөдө 116 млн жүргүнчү ташылып, транспорт кызматтары 3,5%га кымбаттады

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда транспорттун бардык түрлөрү менен 116 миллиондон ашык жүргүнчү ташылганын Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Маалыматка ылайык, январь–февраль айларында жүргүнчүлөрдүн агымы 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 6 млн 3 миң адамга көбөйгөн. Жалпысынан эки ай ичинде өлкөдө транспорттун бардык түрлөрүн 116 млн 66,4 миң жүргүнчү

Кыргызстанда эки айда ИДП 264 млрд сомго жетти

Кыргызстанда эки айда ИДП 264 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 108,8 % болду. Экономиканын бардык негизги тармактарында өсүш байкалды. Атап айтканда:

Кыргызстанда банк секторунун таза кирешеси январда 2 млрд 241 млн сом болду

Кыргызстанда банк секторунун таза кирешеси январда 2 млрд 241 млн сом болду

Кыргызстанда 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча банк секторунун таза кирешеси 2 млрд 241 млн сомду  түзгөнүн  Улуттук банкынын отчетунда айтылат. Көрсөтүлгөн мезгилде өлкөдө 23 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иш алып барган. Банк секторунун жалпы активдери 2025-жылы декабрь айына салыштырмалуу 10,7%га өсүп, 1 трлн 340,7 млрд