Жыл башынан бери өнөр жай тармагы 15%дан ашык өстү

Жыл башынан бери өнөр жай тармагы 15%дан ашык өстү

2026-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Айрыкча өнөр жай тармагында жогорку көрсөткүчтөр катталды.

Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, эки ай ичинде өнөр жай ишканалары 147,8 млрд сомдук продукция өндүрүп, өсүү темпи 15,5%ды түздү. Ал эми "Кумтөр" кенин эсепке албаганда, өсүш 29%га жеткен.

Өсүш негизинен төмөнкү тармактардын эсебинен камсыздалды:

  • транспорт каражаттарын өндүрүү — 42,4%;
  • тамак-аш жана суусундуктар — 16,8%;
  • мунайзаттарды кайра иштетүү — 18,2%;
  • негизги металлдар — 11,1%;
  • химиялык продукция — 3,1 эсеге;
  • фармацевтика — 1,7 эсеге;
  • пайдалуу кендерди казып алуу — 47,2% өстү.
Ошол эле учурда электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо көлөмү 7,8%га төмөндөп, бул электр энергиясын өндүрүүнүн 14,1% азайышы менен байланыштуу болду.

Суу менен камсыз кылуу жана калдыктарды иштетүү тармагында тескерисинче өсүш болуп, көлөм 14,7%га көбөйдү.

Жыйынтыгында өнөр жай тармагы ИДПнын түзүмүндө 24,6% үлүштү түзүп, экономиканын өсүшүнө 3,21 пайыздык пункт салым кошту.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media
Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курула баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирет. Маалыматка ылайык, Белек айылында буга чейин ипподром болгон. Жакында эле бул жерде Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленген. Аймакта ат чабыштарды өткөрүү

Ишкер Media