Улуттук банк Бишкектеги 5 акча алмашуу бюросуна жана 1 жаранга айып пул салды
КРнын мыйзамдарынын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы беш алмашуу бюросу жоопко тартылды.
Улуттук банктын маалыматына караганда, алардын ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле, Бишкек шаарында лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен акча алмашуу операцияларын жүргүзүп жаткандыгы үчүн КРнын бир жаранына (У.А.У.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Азыркы тапта Улуттук банктын лицензиясын алып, ишмердүүлүк кылып жаткан 852 акча алмашуу бюросу катталган.