Токмокто органикалык сыр өндүргөн заманбап ишкана иштеп жатат

Токмокто органикалык сыр өндүргөн заманбап ишкана иштеп жатат

Токмок шаарында жайгашкан "Элит Моццарелла" ишканасы күн сайын 30 тоннага чейин сүттү кайра иштетип, сапаттуу органикалык продукция өндүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Токмок шаарында жайгашкан "Элит Моццарелла" ишканасы Борбор Азияда кошумчасыз, органикалык сыр өндүргөн алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат. Ишкана 2,5 жылдан бери туруктуу иш алып барып, продукциясын негизинен кафе, ресторандар жана тез тамактануучу жайларга жеткирүүдө. Жакынкы убакта продукцияны өлкө боюнча соода түйүндөрүнө чыгаруу пландалууда.

Ишкананын негиздөөчүлөрү Түркияда 1938-жылдан бери сыр өндүрүү тажрыйбасына ээ болуп, ошол негизде Кыргызстанда заманбап завод ачышкан. Өндүрүштө колдонулган жабдуулар Германиядан алынып келинген, ал эми негизги технолог Түркиядан чакырылган.

Ишканада сырдын бир нече түрү, сары май жана каймак өндүрүлөт. Бардык продукциялар халал талаптарына жооп берип, эл аралык сертификаттарга ээ. Бүгүнкү күндө ишкана коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Өзбекстанга 10 тоннага чейин продукция экспорттоодо. Ошондой эле Европа рыногуна чыгуу үчүн бардык зарыл сертификаттар алынган.

Ишкананын негизги артыкчылыгы — продукциянын курамында антибиотиктер жана башка кошумчалар колдонулбайт.

Министрлик органикалык таза продукцияны көбөйтүү жана заманбап өндүрүштү өнүктүрүү багытында ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү улантарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен