Карызыңыз барбы? Акысыз онлайн текшерип көрүңүз

Карызыңыз барбы? Акысыз онлайн текшерип көрүңүз

Жарандарды өз убагында маалымдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы жарандар үчүн карыздарды акысыз онлайн текшерүү порталы иштеп жатканын маалымдайт.

Бул портал аркылуу ар бир жаран өзүнүн карызы жөнүндө алдын ала маалымат ала алат, ошондой эле жооптуу сот аткаруучунун фамилиясын, атын, байланыш маалыматтарын жана чектөөлөрдү алып салуу же маселени мыйзам чегинде чечүү жолдорун биле алат.

Порталды колдонуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

-уюлдук телефон аркылуу атайын QR-кодду сканерлөө;
-жеке ИННди (салык төлөөчүнүн идентификациялык номери) киргизүү;
-карыздар жана чектөөлөр боюнча актуалдуу маалымат алуу.

Ошону менен бирге, айрым жарандар социалдык тармактар аркылуу карыздарды текшерүү кызматын акча төлөп көрсөтүүнү сунуштап жатканы белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, мындай аракеттерге мыйзам чегинде тиешелүү юридикалык баа берилген.

Эскерте кетсек, карыздар тууралуу маалыматты текшерүү кызматы толугу менен акысыз көрсөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен