BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

Соода көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы жана алдыңкы глобалдык блокчейн-экосистема болгон Binance, ошондой эле Bakai экосистемасы Binance Pay жана Bakai Pay кызматынын ишке киргизилгенин жарыялашты. Бул чечим өлкө боюнча товарлар жана кызматтар үчүн сомго байланган KGST стейблкоининин жардамы менен төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул кызмат Binance Pay инфраструктурасын жана BAKAI төлөм экосистемасын бириктирип, күнүмдүк төлөмдөрдө санариптик активдерди колдонууга шарт түзөт.

Интеграциянын негизинде, 2026-жылдын 12-мартынан тартып, колдонуучулар сатып алууларды түздөн-түз Binance колдонмосунан QR BAKAI жана ELQR аркылуу төлөй алышат. Долбоордун алкагындагы эсептешүүлөр KGST стейблкоинин колдонуу менен жүргүзүлөт.

Төлөм механикасы мүмкүн болушунча жөнөкөй жана кадимки мобилдик төлөмдөргө окшош: колдонуучу Binance тиркемесин ачат, Binance Pay бөлүмүнө өтөт, QR-кодду сканерлейт, сатып алуу суммасын киргизет жана төлөмдү тастыктайт. Транзакция көз ачып жумганча ишке ашат, андан кийин колдонуучу төлөмдүн тастыкталганына ынанып, чекти алат.
Бул жаңы кадам бизнес үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. BAKAI тармагынын аркасында миңдеген соода түйүндөрү криптотөлөмдөрдү кабыл ала алышат, бул алардын кардарлары үчүн төлөм жүргүзүү варианттарын кеңейтет жана глобалдык криптоэкономикага кошулууга шарт түзөт.

Коопсуз жана этап-этабы менен киргизүү максатында биринчи этапта чектөөлөр коюлду. Товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүдө бизнес үчүн максималдуу сумма 200 000 сомду түзөт (бир транзакция үчүн жана айына). Колдонуучулар ортосундагы которуулар үчүн коюлган чек 95 000 сомго барабар (бир транзакция үчүн жана жалпы айлык көлөмдө).

Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка боюнча Binance компаниясынын аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков мындай деди:
"Криптовалюталарды практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү компаниянын негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Кыргызстан санариптик каржылык технологияларга жана инновацияларга болгон жогорку кызыгуусун көрсөтүүп жатат. Binance Pay менен Bakai Pay интеграциясынын ишке кириши – криптовалютаны күнүмдүк төлөмдөр үчүн ыңгайлуу инструментке айлантуу жолундагы маанилүү кадам. Биз жергиликтүү өнөктөштөр менен кызматташууга жана өлкөнүн санариптик экономикасынын өнүгүшүн колдоогоалып жатканыбыз үчүн кубанычтабыз, колдонуучуларга коопсуз жана заманбап каржылык чечимдерди сунуштайбыз".

"Binance менен кызматташуу – Кыргызстандагы санариптик каржылык чечимдерди өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Биз Binance Pay кызматын BAKAI экосистемасына интеграциялоо өлкөдө ыңгайлуу жана коопсуз криптовалюталык төлөмдөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз. Бул долбоор биздин баалуулуктарга толук шайкеш келет, анткени биз ар дайым кардарлардын эң заманбап технологияларга мүмкүнчүлүк алуусун шарттоого, алардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыздоого умтулабыз. Биз BAKAI Кыргызстандагы санариптик экономика жана криптовалюта технологияларын өнүктүрүүдө лидер бойдон калуусун улантып жатканы менен сыймыктанабыз", – деди BAKAI Башкармалыгынын төрагасы Тимур Ибрагимов

Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин Катчылыгынын колдоосу менен виртуалдык активдер экосистемасын өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылууда. Бул орган тармакты өнүктүрүүнү координациялайт жана инновациялык каржылык чечимдерди киргизүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Маалымат үчүн: KGST стейблкоини Binance платформасынын листингине 2025-жылдын 24-декабрында кошулган, бул колдонуучуларга глобалдык криптовалюта платформасына жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган. Листинг активдин ликвиддүүлүгүн жогорулатып, сатып алуу жана которуу операцияларын жөнөкөйлөштүрдү, ошондой эле KGSTни эсептешүүлөрдө жана төлөмдөрдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Мындан тышкары, колдонуучулар үчүн USDT менен түз конвертация жеткиликтүү жана чек аралар ортосундагы акча которууларды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү бар. 

Binance жөнүндө

Binance – бул дүйнөдөгү криптовалюта инфраструктурасын камсыз кылган алдыңкы провайдер болуп саналат, анын курамына финансылык продукттар топтому кирет. Алардын ичинде санариптик активдер менен соода жүргүзүү боюнча көлөмү эң чоң биржа да бар. Binance платформасы дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын ишенимине ээ болуп, колдонуучулар үчүн акчанын эркиндигин кеңейтүүгө багытталган жана теңдешсиз криптовалюта продукттарынын жана сунуштарынын топтомун сунуштайт. Анын ичинде соода жана каржы, билим берүү, маалымат жана изилдөөлөр, кайрымдуулук, инвестициялар жана инкубация, децентрализация жана башка көптөгөн багыттар бар.

Кошумча маалымат алуу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз:  https://www.binance.com

Bakai жөнүндө

BAKAI – Кыргызстандагы эң ири жана технологиялык жактан өнүккөн банктардын бири. 25 жылдан ашуун убакыттан бери биз адамдарга, бизнеске жана бүтүндөй тармактар үчүн алдыга жылууга жардам берген каржылык чечимдерди түзүп келебиз. Бизге 1 миллиондон ашуун кардар ишенет жана бул ишеним туруктуулуктун, тейлөө сапатынын жана биздин команданын күчүнүн негизги көрсөткүчү.

Бүгүнкү күндө BAKAI – бул жөн гана банк эмес.
Бул – бирдиктүү санариптик мейкиндикте каржыны, сервистерди, технологияларды жана күнүмдүк чечимдерди бириктирген экосистема.

Экосистема кардарларга маселелерин тез, ыңгайлуу жана ыңгайлуу форматта чечүүгө жардам берген каржылык жана күнүмдүк сервистерди бириктирет.

Керектүү нерсенин баары бир жерде:

  • BAKAI – каржыны башкаруунун борбору.
  • BAKAI Insurance – ден соолукту, мүлктү жана бизнести коргоо.
  • BAKAI Store – ыңгайлуу бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү жана кеңири тандоо камсыздалган маркетплейс.
  • BAKAI Travel – авиабилеттерди сатып алуу жана онлайн саякаттоо сервиси.
  • BAKAI Business – ишкерлер үчүн санариптик инфраструктура.
  • BAKAI Islam – ислам каржылык принциптерине ылайык келген продукттар.

Экосистема жыл сайын өнүгүп, барган сайын көбүрөөк сервистерди, технологияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүүдө.

Кошумча маалымат алуу үчүн шилтемеге кириңиз: https://bakai.kg/ru/

Мындан тышкары окуңуз

Автоунаа алуу үчүн 4% жана 8% менен жеңилдетилген насыялар сунушталууда

Автоунаа алуу үчүн 4% жана 8% менен жеңилдетилген насыялар сунушталууда

Кыргызстанда жаңы автоунааларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген автокредит программалары ишке кирди. Эми жарандар унааны жылдык 8% менен, ал эми мамлекеттик жана бюджеттик сектордун кызматкерлери 4% менен ала алышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. "Жеңил" программасы мамлекеттик колдоо менен ишке ашырылып, бюджеттик тармакта иштегендерге арналган. Анын алкагында

Жумгалда 2,35 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Жумгалда 2,35 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Нарын облусунун Жумгал райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, 2022–2023-жылдары айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары жарандардын арыздарысыз жана белгиленген кезектүүлүктү сактабастан, калктуу конуштар аймагындагы жалпы аянты 2,35 гектар жерди мыйзамсыз түрдө жеке менчикке

Ч.Турсунбеков атындагы сыйлыктын баш байгеси 200 миң экени айтылды

Ч.Турсунбеков атындагы сыйлыктын баш байгеси 200 миң экени айтылды

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка чыгармалар кабыл алына баштаганын Жазуучулар союзунан билдиришти. Анда белгиленгендей, чыгармалар 20-марттан 20-майга чейин кабыл алынат. Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки (45 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Баш байге ээсине 200 миң сом акчалай сыйлык жана Ч. Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты баральефи ыйгарылат.  Ал

Пентагон АКШ Конгрессинен Иран менен болгон согушту каржылоого 200 млрд доллар  сурады

Пентагон АКШ Конгрессинен Иран менен болгон согушту каржылоого 200 млрд доллар сурады

Пентагон Ак үй аркылуу АКШ Конгрессине Иран менен болгон согушту каржылоо үчүн 200 млрд доллардан ашык каражат сураган кайрылуу жөнөткөнүн The Washington Post жазды. Басылманын булактарынын маалыматына караганда, бул сумма буга чейин аскердик кампанияга сарпталган каражаттан кыйла жогору. Каражат негизинен Иранга каршы соккулар учурунда колдонулуп кеткен негизги курал-жарактарды тез арада