Пентагон АКШ Конгрессинен Иран менен болгон согушту каржылоого 200 млрд доллар сурады

Пентагон АКШ Конгрессинен Иран менен болгон согушту каржылоого 200 млрд доллар  сурады

Пентагон Ак үй аркылуу АКШ Конгрессине Иран менен болгон согушту каржылоо үчүн 200 млрд доллардан ашык каражат сураган кайрылуу жөнөткөнүн The Washington Post жазды.

Басылманын булактарынын маалыматына караганда, бул сумма буга чейин аскердик кампанияга сарпталган каражаттан кыйла жогору. Каражат негизинен Иранга каршы соккулар учурунда колдонулуп кеткен негизги курал-жарактарды тез арада көбөйтүү үчүн багытталмакчы.

Ак үйдүн айрым өкүлдөрү Пентагондун бул өтүнүчү кабыл алынышы күмөн экенин айтышууда. Булакка ылайык, Конгресстеги көптөгөн демократтар бул демилгеге каршы чыгышы мүмкүн. Ошондой эле акыркы эки жума ичинде Пентагон каржылоо боюнча бир нече ар кандай сунуштарды киргизгени белгиленет. Акырында кандай сумма суралары азырынча белгисиз.

Айрым маалыматтар боюнча, Ирандагы согушка кеткен чыгымдар биринчи жумада эле 11 млрд доллардан ашкан. Financial Times жазгандай, Дональд Трамп администрациясы согуш башталгандан бери көп жылдарга эсептелген маанилүү ок-дарылардын запасын, анын ичинде алыс аралыкка учуучу "Томагавк" ракеталарын, активдүү колдонуп койгон.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кече Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады.  Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган. Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу

Ишкер Media
Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Президенти Садыр Жапаров “Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлык салык системасын өркүндөтүүгө, ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүгө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Документтин негизги максаты — мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылуу

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы жана Мамлекттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы жана Мамлекттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Улан Кимсанов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кимсанов буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.   Улан Кимсанов - 1995-жылы Кыргыз тоо-кен жана металлургия институтун пайдалуу кендерди жер

Ишкер Media