Бишкек шаарында мыйзамсыз валюта алмаштыруу фактылары аныкталды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн эки жаранга айып пул салынды.
(А.у.А. жана Ж.Д.К.) аттуу жарандардын ар бири - 17 500 сом өлчөмүндө айып пул чегерилгендигин Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, өлкө аймагында валюта алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн сөзсүз түрдө Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы талап кылынат. Мындай талаптарды бузуу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.