Мыйзамсыз текшерүү мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес

Мыйзамсыз текшерүү мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес

Президенттин ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү боюнча мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес экенин экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул мораторий же чектөө Салык кызматына, Бажы кызматына жана Жарандык авиация агенттигине жайылбайт.

“Президент Садыр Жапаров 14-мартта ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтырууга, бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Жарлыкка ылайык, мамлекеттик текшерүү органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө ушул жылдын 31-декабрына чейин чектөө коюлат. Албетте, бул чектөө Салык кызматына, Бажы кызматына жана Жарандык авиация агенттигине жайылбайт. Анткени алар өз иштерин тынымсыз жүргүзүүгө милдеттүү. Бирок башка текшерүү органдарынын текшерүүлөрүнө 31-декабрга чейин мораторий иштейт”, — деди министр.

Андан тышкары, жарлыктын өзгөчөлүгү катары “достук текшерүү, достук аудит” түшүнүктөрү киргизилип жатканын маалымдады.

“Жарлыктын дагы бир өзгөчө жагы бул “достук текшерүү, достук аудит” деген түшүнүктү киргизип жатабыз. Ага ылайык, бирөөнүн арызына же мамлекеттин коопсуздугун сактоо максатында текшерүүлөр болсо, сиздерге кеңеш берилет. Айып пул жана башка жаза чаралары чектелген”, — деди Сыдыков.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media