Улуттук банк жыл башынан бери бешинчи жолу интервенция жасады
КРнын Улуттук банкы 30-мартта жыл башынан берки бешинчи ирет валюта рыногуна интервенция менен чыкты. Анын негизинде жалпы 178,9 млн $ сатылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык бул сумманын 95,9 млн $ бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен сатылган.
Акыркы интервенция жыл башынан берки эң ири интервенциянын бири болуп калды. 2026-жылдын башынан бери валюта рыногуна жалпы 725,45 млн $ сатыкка чыгарылган. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы Улуттук банк сегиз жолу интервенция жасап, жалпы 853 млн $ валюта рыногуна чыгарган.
Белгилей кетсек, интервенция – бул Улуттук банктын валюта рыногундагы чет элдик валютанын жетишсиздигин жоюу жана улуттук валютанын курсун туруктуу кармоо максатында колдонулган негизги инструменттердин бири болуп саналат.