Ошто мыйзамсыз валюта алмаштыргандарга айып пул салынды

Ошто мыйзамсыз валюта алмаштыргандарга айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы лицензиясы жок, чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча мыйзам бузууларга баргандар аныкталды. Ош шаары жана Араван районунун аймагында Улуттук банктан тиешелүү лицензия албай, накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн 10 жаранга чара көрүлдү.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Ош областтык башкармалыгы аныктаган бул мыйзам бузуулардын жыйынтыгында, 10 жарандын ар бирине - 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мыйзам боюнча, валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүү үчүн сөзсүз түрдө атайын лицензия талап кылынат. Ошондой эле жарандарга валютаны расмий алмашуу жайларында гана жүргүзүшү шартталат. Бул коопсуздукту камсыздап, мыйзам бузуу тобокелдиктерин азайтат.

Азыркы учурда, КРнын аймагында Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон 857 чет өлкө валютасын алмаштыруучу жай ишмердүулук жүргүзүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Арал — Төө-Ашуу жолунун курулушун баштоо пландалып жатат

Арал — Төө-Ашуу жолунун курулушун баштоо пландалып жатат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Арал — Төө-Ашуу жолунун курулушун баштоону пландап жатканын министрликтин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков "ЭлТР" телеканалына берген комментарийинде билдирди. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп

Чүйдө 1,4 млн сом алимент өндүрүлдү

Чүйдө 1,4 млн сом алимент өндүрүлдү

Чүйдө дээрлик 1,4 млн сом алименттик карыз өндүрүлгөнүн Сот аткаруучулар кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Чүй райондук сот аткаруучулар бөлүмү тарабынан ири өлчөмдөгү алименттик карызды өндүрүү иши ийгиликтүү аяктады. Н.Д.К. аттуу карызкор К.М.Тга 2014-жылдан 2026-жылга чейинки (12 жыл) мезгил үчүн алимент төлөгөн эмес. Сот аткаруучулардын мажбурлоо

Бишкек мэриясы чакан автобустарды сатып алууну карап жатат

Бишкек мэриясы чакан автобустарды сатып алууну карап жатат

Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэр Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында автобус өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө сатып алынышы пландалган автобустарга коюлган техникалык мүнөздөмөлөр жана талаптар сунушталды. Жалпысынан 625 чакан көлөмдөгү автобус сатып алуу каралууда. Алар тар көчөлөрү бар турак жай конуштарын тейлөө үчүн

ЖМК жөнүндө мыйзамдар Санарип кодекске шайкеш келтирилет

ЖМК жөнүндө мыйзамдар Санарип кодекске шайкеш келтирилет

Жогорку Кеңеште "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматты Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Нуржамал Төрөбекова тааныштырды. Мыйзам долбоору анын жоболорун Кыргыз