Бишкек мэриясы чакан автобустарды сатып алууну карап жатат

Бишкек мэриясы чакан автобустарды сатып алууну карап жатат

Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэр Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында автобус өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө сатып алынышы пландалган автобустарга коюлган техникалык мүнөздөмөлөр жана талаптар сунушталды. Жалпысынан 625 чакан көлөмдөгү автобус сатып алуу каралууда. Алар тар көчөлөрү бар турак жай конуштарын тейлөө үчүн ылайыкталган.

Муниципалитет жеткирүүчүлөрдү тандоодо баа менен сапаттын оптималдуу катышына, ошондой эле коопсуздук, экологиялык талаптар жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуулук сыяктуу заманбап стандарттарга шайкеш келүүсүнө артыкчылык берерин белгиледи.

Жолугушууга 12ден ашуун автобус өндүрүүчү компания катышты. Компания өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, алдыдагы сатып алуу боюнча толук түшүндүрмөлөрдү алышты.

Жыйындын жыйынтыгында компанияларга коюлган талаптарды кылдат изилдеп чыгып, белгиленген мөөнөттө коммерциялык сунуштарын даярдоо үчүн убакыт берүү чечими кабыл алынды.

Сунуштар алынгандан кийин Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин адистери аларды талдап чыгып, анын негизинде Бишкек шаары үчүн жеткирүүчү жана автобустун так модели тандалат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан борбор калаадагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөл иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын Севастопольская көчөсү, 7 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, турак жайдын 1-блогунун 7-кабатында

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ош облусунда “Исанов” көмөк чордону курулуп, ал жогорку чыңалуудагы электр берүү линиялары аркылуу өлкөнүн электр тармагына кошулат. Долбоор Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын электр системасына интеграциялоого багытталган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Исанов” көмөк чордону “Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү”долбоорунун биринчи фазасынын

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол кыймылына төмөнкү жолдордо чектөөлөр киргизилет: “Манас” эл аралык аба майданынан баштап Васильев тракты, Ю. Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Ч. Айтматов проспектилери, Ж. Абдрахманов, Байтик баатыр, А. Масалиев, Жайыл

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынынмаалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө айрым жарандардын автоунаалары менен жайыт жерлерин тепселеп, өсүмдүктөргө жана жаратылышка зыян келтирген фактылары аныкталды.