Чүйдө 1,4 млн сом алимент өндүрүлдү

Чүйдө 1,4 млн сом алимент өндүрүлдү

Чүйдө дээрлик 1,4 млн сом алименттик карыз өндүрүлгөнүн Сот аткаруучулар кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй райондук сот аткаруучулар бөлүмү тарабынан ири өлчөмдөгү алименттик карызды өндүрүү иши ийгиликтүү аяктады.

Н.Д.К. аттуу карызкор К.М.Тга 2014-жылдан 2026-жылга чейинки (12 жыл) мезгил үчүн алимент төлөгөн эмес.

Сот аткаруучулардын мажбурлоо чараларынын негизинде 1 млн 373 миң 946 сом өлчөмүндөгү карыз толугу менен өндүрүлдү. Өндүрүлгөн каражат толугу менен алуучуга өткөрүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

ЖАМКнын №16 мекемесинде ун чыгаруучу тегирмен ишке кирди

ЖАМКнын №16 мекемесинде ун чыгаруучу тегирмен ишке кирди

Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 мекемесинде жаңы өндүрүштүк ун чыгаруучу тегирмен расмий түрдө ишке киргизилди. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ачылыш аземине ЖАМК төрагасынын орун басары Улан Жолдубаев, GCERF уюмунун өкүлү Ирина Ульмасова-Олив, «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун президенти Тажыкан Шабданова, Коопсуздук

Кыргызстан менен Кытай автотранспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Кытай автотранспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары Алмаз Тургунбаев Кытай Эл Республикасынын транспорт министринин орун басары Ли Ян жана автотранспорт делегациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө автотранспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Атап айтканда, тараптар Кыргызстандын Кытай, Россия

Бишкекте абадагы интернет-кабелдерди демонтаждоо башталды

Бишкекте абадагы интернет-кабелдерди демонтаждоо башталды

Бишкекте Биринчи май райондук акимиатынын кызматкерлери "Бишкексвет" муниципалдык ишканасы менен биргеликте талаптарга жооп бербеген интернет-кабелдерди аныктоо боюнча рейд өткөрүшкөнүн бүгүн райондук администрация билдирди. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө салбырап турган линияларга, жолдун жана тротуарлардын үстүнөн өткөн кабелдерге, ошондой эле шаардын көркүн бузган тармактарга өзгөчө көңүл бурулду. Эрежелерди бузуу менен орнотулган жана

Бишкекте 10 жылдан бери чечилбей келген турак үй маселеси жөнгө салынды

Бишкекте 10 жылдан бери чечилбей келген турак үй маселеси жөнгө салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан дагы бир көп кабаттуу турак үй мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов жана Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мирлан Шайымкулов Ахунбаев көчөсү, 173 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен жолугушуп, объекттин