Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө алкагында бир катар эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонгон. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын тийиштүү отчетунда маалымдалган.

Берилген маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде банктарга карата 1 эскертүү жөнөтүлүп, 1 жазма буйрук берилген. Ошондой эле мыйзам талаптарын бузган учурлар үчүн 1 айыптык төлөм салынган.

 Мындан тышкары, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети аталган мезгилде 12 отурум өткөрүп, анда коммерциялык банктардын ишине байланыштуу жалпы 30 маселе каралган. Бул маселелер негизинен банк секторундагы туруктуулукту камсыз кылуу, мыйзам талаптарын сактоо жана кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо багытында болгон.

 Улуттук банк белгилегендей, мындай көзөмөл чаралары банк тутумунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, финансылык тартипти бекемдөөгө жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын алууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды. Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы

ЖК өкүлдөрү ФАО менен кызматташтыкты талкуулашты

ЖК өкүлдөрү ФАО менен кызматташтыкты талкуулашты

Жогорку Кеңештин комитет төрагасы Кубанычбек Самаков жана депутат Махабат Мавлянова БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы каралып, аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кубанычбек Самаков акыркы жылдары эки

Турак жай салыктарын автоматтык түрдө эсептөө системасы киргизилди

Турак жай салыктарын автоматтык түрдө эсептөө системасы киргизилди

Марттан тарта өлкөдө мамлекеттик кадастр кызматынын маалыматтарына негизделген салыктарды автоматтык эсептөө системасы киргизилди. Бул кызмат жарандар үчүн салык төлөөнү жеңилдетүүгө, адам факторун азайтууга жана тең шарттарды камсыздоого багытталган. Салык кызматынын карыздарды өндүрүүнү көзөмөлдөө жана жергиликтүү салыктар башкармалыгынын башчысы Туратбек Күлчороев билдиргендей, буга чейин мүлк ээлери салыктын суммасын өз алдынча эсептеп