Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады
КРнын Улуттук банкы насыяларды аралыктан тейлөө каналдары аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөө жол-жоболорун өркүндөтүүнү жана күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү видео аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банктын коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда камтылган.
Документке ылайык, насыя алуучуларга банкка барбастан, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу насыясын мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу каралууда. Бул банктык тиркемелер жана башка аралыктан тейлөө кызматтары аркылуу насыяны төлөө жол-жоболорун өркүндөтүүгө багытталган.
Банк эсептерин ачуу тартиби да өзгөрүшү мүмкүн
Токтом долбоорунда банк эсептерин ачууда мамлекеттик каттоону тастыктоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү каралган.
Мындан тышкары, алдын ала чыгарылган төлөм карталарынын жарактуулук мөөнөтүн узартуу, аларды чыгаруу жана кардарларга берүү талаптарын тактоо сунушталууда. Бул чаралар карталарды мыйзамсыз пайдалануунун жана алдамчылыктын алдын алууга багытталган.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр банктык процесстерди оптималдаштыруу, кредиттик тобокелдиктерди башкарууну жакшыртуу жана калк менен ишкерлер үчүн финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.