Жалал-Абадда 61 млн долларлык эки өндүрүш ишканасын куруу пландалууда
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы наркы 61 млн АКШ долларын түзгөн эки ири өндүрүш долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу 25-октябрда өлкө лидери Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, "Глобал Эко Грин" компаниясы алма концентратын кайра иштетүү жана шире өндүрүүчү ишкана курууну көздөөдө. Долбоордун наркы 11 млн долларды түзүп, 80ден 100гө чейин жумуш ордун ачуу каралган.
Ошондой эле "Чапчыма Голд" компаниясы алтынды бөлүп алуучу фабриканы куруу боюнча үч этаптуу долбоорду ишке ашырууну пландоодо.
Аталган долбоорго 50 млн доллар инвестиция тартуу жана 800 жумуш ордун түзүү күтүлүүдө.
Эки долбоор тең ишке ашырылган учурда райондо жалпысынан 880ден 900гө чейин жумуш орду түзүлүшү мүмкүн.