Кыргызстан менен Катар түз абакаттамдарды ачууну талкуулашты

Кыргызстан менен Катар түз абакаттамдарды ачууну талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Катардын соода жана өнөр жай министрлигинин тышкы соода маселелери боюнча мамлекеттик министри Ахмед бин Мохаммед Аль-Саид менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

МинКабдан маалымдагандай, тараптар анда эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү келечегин талкуулашкан.

Өзгөчө товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу зарылчылыгы айтылды.

Тараптар түз аба каттамын өнүктүрүү товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, ишкердик байланыштарды жандандырууга, туристтик агымдарды кеңейтүүгө жана эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Ошондой эле тараптар экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Катар биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи сессиясын жакынкы аралыкта өткөрүү зарылдыгын баса белгилешти.

Амангелдиев кыргыз тараптын Катар менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин тастыктап, соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнүн олуттуу потенциалын белгиледи.

Өз кезегинде Ахмед бин Мохаммед Аль-Саид катар тараптын өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен демилгелерди илгерилетүү жана эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Жолугушуу Амангелдиевдин Катарга болгон жумшчу сапарынын алкагында өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Бүгүн Кыргызстанда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө" арналган жыл сайын өтүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясы башталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан билдирди. Билдирүүгө таянсак, долбоор өлкөдө 2015-жылдан бери Улуттук банкытын координациясы астында ишке ашырылып келет. Анда тиешелүү мамлекеттик органдар, финансы институттары, КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана камсыздандыруу

Ишкер Media
Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Кыргызстанда биринчи индустриалдык паркты түзүү жана өлкөдөгү индустриалдык парктарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин бул боюнча тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, “Биринчи индустриалдык парк” Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, жалпы аянты 24,2 гектар болгон аймакта түзүлмөкчү. Долбоордун максаты

Ишкер Media
Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

DemirBankтын Mastercard картасы менен Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларың үчүн төлө да, эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол! 2026-жылдын 26-октябрынан саат 12:00дөн тартып 31-декабрдь кошо алган мезгилге чейин ар бир төлөм үчүн 100

Ишкер Media
Ала-Бука районунда 5 жылда 51 социалдык объект курулду

Ала-Бука районунда 5 жылда 51 социалдык объект курулду

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Ала-Бука районунда 5 жылда жалпы 51 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга

Ишкер Media