Фейсбукта саясий жарнамаларга ким эң көп акча жумшайт? РЕЙТИНГ

Фейсбукта саясий жарнамаларга ким эң көп акча жумшайт? РЕЙТИНГ

Фейсбук социалдык тармагы Кыргызстандагы акыркы 90 күндөгү (21-августтан 18-ноябрга чейин) саясий жарнактарга кеткен чыгым боюнча отчет берип, жарнаманын бул түрүнө акча короткон адамдардын жана баракчалардын толук тизмесин жарыялады. Бул маалымат Facebook жарнамалар бөлүмүндө чагылдырылган.

Биринчи орунда «Жалбырак ТВ – Сентябрь» баракчасы турат, ал саясий жарнакка 256 доллар короткон (азыркы курс менен дээрлик 22 миң сом).

Экинчи орунду «Ишеним саясий партиясы» баракчасы ээледи, анда да каржы булагы туура көрсөтүлүп, жарнамага 154 доллар сарпталган (азыркы курс менен 13 миң сомдон бир аз ашык).

Үчүнчү орунда Ким Ин Сен аттуу колдонуучу (Борбордук бажынын мурдагы жетекчиси, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү) турат. Ал саясий жарнактарга 101 доллар (8.5 миң сом) короткон, каржы булагы катары «Ата Мекен» партиясы көрсөтүлгөн.

Бардык башка баракчалар жана колдонуучулар саясий жарнактарга 100 доллардан аз сарпташкан. Жалпысынан акыркы үч айда (2021-жылдын 21-августунан 18-ноябрына чейин) Кыргызстанда саясий жарнамадан социалдык тармактын кирешеси 28 миң долларга жетти (азыркы курс менен дээрлик 2.4 млн сом).

Белгилей кетсек, дагы 30 колдонуучу саясий жарнактарды каржылоо булагын көрсөткөн эмес.

БШКдан билдиргендей, комиссиянын көзөмөл-текшерүү тобу Facebook жана Instagram тармактарында саясий жарнамаларды жайгаштыруудагы төлөмдөрдү көзөмөлдөйт. Комиссия ошондой эле талапкерлерге жана саясий партияларга саясий жарнактарды жайгаштыруу үчүн төлөм тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан алынышы керектигин эскертет.

Economist.kg мурдараак маалымдагандай, саясий жарнактын мониторинги жана социалдык тармактардын жарнак китепканасында отчеттордун жарыяланышы Кыргызстандын БШКсы менен Фейсбуктун ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылат. Бул 9-ноябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен Facebook өкүлдөрүнүн онлайн жолугушуусунда макулдашылган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен