Бекешев: Казакстанга качан, канча көлөмдө суу бердик, так маалымат бергиле

Бекешев: Казакстанга качан, канча көлөмдө суу бердик, так маалымат бергиле

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Казакстанга берилген суу боюнча так маалымат берүүнү талап кылды.

Эскерте кетсек, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүдө ал Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берип жатканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирген болчу.

Бекешев Кыргызстан жайында Казакстанга 330 млн куб метр сууну бергени тууралуу маалымат чыкканын, жайында КРда дыйкандарга суу жетпей жатса, казактарга суу берилгени кандай деген суроо салып, так маалымат талап кылды.  

«Ошол мезгилде бизге бир топ фермерлер, дыйкандар суу бергиле деп кайрылышкан. Биз аларга суу аз, жок деп айтканбыз. Мына кечээ эле суу боюнча маалымат чыкканда мага чылып башташты. Менимче, бул маселе боюнча мага эле эмес, башка депутаттарга да кайрылышкан. Урматтуу президенттин өкүлү, качан, канча көлөмдө Казакстанга суу бергенбиз, так маалымат бергиле. Бекер алдыкпы электр энергиясын же акчага алдыкпы, канча киловатт/саат алдык, толук, так маалымат бергиле», деди ал.

Ага кошумча депутат Токтогул ГЭСи жазында иштейби-иштебейби деген суроону да ортого койду.

Ал эми «Улуттук энергохолдинг» Токтогулдан Казакстанга кошумча агызылып берген суу тууралуу комментарий берген. Холдингдин айтымында, компания ресурстарды сактоо жана суу сактагычтын терең түгөнүшүнө жол бербөө максатында үстүбүздөгү жылдын март айында Казакстандын энергетикалык компаниялары менен электр энергиясын алуу боюнча келишимге кол коюлганын билдирген.

Келишимге ылайык, жайкысын аларга Токтогул ГЭСинен суу кошумча агызылып берилип, кышында казак тарап электр энергиясы түрүндө кайтармак.

Жалпысынан «Электр станциялары» ААК менен Казакстандын энергетикалык компаниясы 900 млн кВт/саат электр энергиясын өз ара алуу келишимине кол коюшту, андан кийин 2021-жылдан 2023-жылга чейин алынган электр энергиясын жалпысынан кайтарып берүү менен көлөмү 300 млн кВт/саатты түзөт.

8-декабрга карата Казакстандын энергетика системасынан электр энергиясын өз ара берүү кызматташтыгынын алкагында 616.4 млн кВт саат электр энергиясы алынган, деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, быйыл Нарын дарыясындагы суунун агып келиши аз болгон. Натыйжада, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып, бул өлкөдө энергетика тармагында кризистин күчөшүнө алып келди. Мисалы, өткөн жылы суунун көлөмү 14 млрд 745 млн кубду түзсө, быйыл анын көлөмү 10 млрд 897 млн кубду түздү. Бул Токтогул суу сактагычында суу өтө эле азайып баратат дегенди билдирет.

Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын жай айларында Чүй өрөөнүндө суу жетишпей, эгиндер кургап, дыйкандар бир канча жолуу суу талап кылып, митингге чыгышкан болчу.

Ал эми кечээ, 8-декабрдагы Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө кыргыз тараптын Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергени Казакстандын түштүк облустарынын дыйкандарынын кургакчылык мезгилде сугат сууга болгон муктаждыгын канааттандырганы айтылат.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен