Алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын төлөө боюнча Салык кызматынын талабы – мыйзамдуу

Алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын төлөө боюнча Салык кызматынын талабы – мыйзамдуу

Мамлекеттик салык кызматы КРдагы Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Дастан Иманалиевдин алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор тарабынан акциз салыгын төлөө маселеси боюнча билдирүүсүнө жооп берди.

МСК алкоголсуз сергитүүчү суусундуктардын өндүрүлгөн же импорттолгон көлөмү үчүн акциз салыгын төлөө жана ал боюнча отчет берүү зарылдыгы жөнүндө салык органынын бардык аракеттери өлкөнүн салык мыйзамдарынын чегинде жүзөгө ашырылып жатканын билдирди.

“КРнын Салык кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга коюлган базалык ставка боюнча 1 литр үчүн 100 сом акциз салыгы салынууга тийиш“, – дейт Салык кызматы.

Бирок министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы токтому менен өндүрүүчүлөр жана импорттоочуларды колдоо максатында, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгынын ставкасы төмөндөтүлгөн жана литрине 1 сом өлчөмүндө белгиленген.

  • КРнын “тил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, сергитүүчү алкоголсуз ичимдиктер болуп, атайын багыттагы – сергитүүчү, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин, сахар жана башка таттуу заттарды жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер эсептелет.

Мындан тышкары, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 880 чечими менен бекитилген Бажы бирлигинин техникалык регламентинин 9-беренесине ылайык (ББ ТР 021/2011), сергитүүчү (анын ичинде энергетикалык) суусундуктар алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктер түрүндө өндүрүлөт (даярдалат). Сергитүүчү заттардын (компоненттердин) булагы катары кофеинди жана аны камтыган өсүмдүктөрдү (өсүмдүк экстракттарын), чайды, кофени, гуарананы, ошондой эле сергитүүчү таасир этүүчү дары өсүмдүктөрүн жана алардын экстракттарын колдонууга жол берилет.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, ЕАЭБ ТЭИ ТН 2202 коду менен классификацияланган бардык алкоголсуз суусундуктар сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарга кире тургандыгын жана акциз салыгы салынууга тийиш экендигин Салык кызматы билдирет.

Айрым сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан 2022-жылдын июль айына карата акциз салыгы төлөнбөгөндүгүнө жана ал боюнча салык отчету берилбегендигине байланыштуу, салык органдары салык мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы – акциз салыгынын төлөнүшү боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүшүүдө.

“Америкалык соода палатасын ар кандай жолдор менен акциз салыгын төлөгүсү келбеген, ошол эле учурда салыктарды толугу менен төлөп жаткан бул чөйрөдөгү ак ниеттүү ишкерлердин укугун бузуп жаткан алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды коргобоого чакырабыз”, – дейт МСК.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен