Президент контрабандага каршы күрөшүү боюнча жарлыкка кол койду

Президент контрабандага каршы күрөшүү боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Контрабандага жана КРнын аймагына эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыктын максаты улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого, контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү болуп саналат.

Жарлыктын алкагында министрлер кабинетине тапшырылат:

  • Үчүнчү өлкөлөр жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында КРга ташылып келүүчү (импорттолуучу) товарларды (жүктөрдү) толук эсепке алууну камсыз кылсын
  • КРнын аймагына контрабандалык жана/же эсепке алынбаган ташылып келген  товарларды (жүктөрдү), ошондой эле үчүнчү өлкөлөр жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды (жүктөрдү) контрабандалык жана/же эсепке алынбаган алып өтүү үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарын конфискациялоону (алып коюуну) камсыз кылуу боюнча КРнын мыйзамдарынын алкагында чараларды көрсүн
  • Үчүнчү өлкөлөр жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында КРнын аймагына ташылып келүүчү (импорттолуучу) товарларды эсепке алуу боюнча салык жана бажы кызматтарынын маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштешин, маалыматтарды онлайн режимде берүүнү, транспорт каражаттарынын мамлекеттик номер белгилерин таануу боюнча автоматташтырылган камералар менен өткөрүү пункттарын жабдууну камсыз кылсын
  • Үчүнчү өлкөлөр жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында КРнын аймагына товарларды ташып келүү (импорттоо) боюнча КРнын мыйзамдарынын ченемдерин бузган импортерлордун/ташуучулардын транспорт каражаттары үчүн атайын токтоочу жайларды киргизсин
  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан КРнын Мамлекеттик чек арасы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан товарлардын транзиттик агымына күчөтүлгөн контролду киргизсин.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен