Сауд Арабия менен тыгыз мамиле уланат - Министр Кулубаев Эр-Риядда бир катар жолугушууларды өткөрүүдө

Сауд Арабия менен тыгыз мамиле уланат - Министр Кулубаев Эр-Риядда бир катар жолугушууларды өткөрүүдө

Кечээ, 6-сентябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын төрагасы Ажлан бин Абдулазиз Аль-Ажлан менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилешип, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешкен.

Буга байланыштуу тараптар, быйыл кыргыз-сауд экинчи бизнес форумун жана биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жогорку деңгээлде өткөрүүнү макулдашышты.

“Министр Кулубаев, КРнын энергетика, жер казынасын пайдалануу, мейманкана бизнеси жана башка чөйрөлөрдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, ошондой эле кыргыз тараптын Сауд Арабияга ата мекендик продукцияны экспорттоону көбөйтүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын эртерээк ачуу зарылдыгына басым жасалып, туризм тармагын өнүктүрүүгө көңүл бурулду”, – деп айтылат маалыматта.

Ведомство жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз байланышта болуп, кыргыз-сауд ишкерлер Кеңешин түзүү боюнча келишимди кол коюуга даярдоону макулдашышканын да кошумчалады.

Кошумча окуңуз:

Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясына Бишкекте балдар үчүн тез жардам ооруканасы курулат

Сауд өнүктүрүү фонду КРда мындан ары да социалдык долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын 87 миң долларлык карызын төлөөнү 2027-жылга чейин узартат

Сауд өнүктүрүү фондунун акчасына Кыргызстанда төрт мектептин курулушу аяктады.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен