Транспорт министрлиги Бишкек - Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алууну көздөөдө - анын өлчөмүн да аныктады

Транспорт министрлиги Бишкек - Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алууну көздөөдө - анын өлчөмүн да аныктады

Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өткөн автоунаалардан алынуучу төлөмдүн көлөмүн аныктады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Бул демилге аталган жолдун тоннелдерин талаптагыдай тейлөө жана эксплуатациялоо максатында сунушталууда. Ведомство унааларды алты категорияга бөлүүнү сунуштап жатат жана алардын ар бири үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү аныкталды:

  • жеңил унаалар, микроавтобустар, джиптер50 сом, чет өлкөлүк номурлуу унаалар үчүн 5 доллар
  • жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннага чейинки микроавтобустар жана жүк ташуучу унаалар100 сом, чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар үчүн 10 доллар
  • 22 орунга чейинки автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар 150 сом, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 20 доллар
  • 22ден 32 орунга чейинки автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар 300 сом, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 40 доллар
  • 32ден ашык орундуу автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар – 350 сом, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 60 доллар
  • жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар 400 сом, чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар үчүн 80 доллар.

Унаалардын өтүүсүнө акча чогултуу Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” посттору аркылуу жүргүзүлөт. Бул үчүн атайын мамлекеттик орган аныкталат.

Бийлик ошондой эле жол баракчаларын жана тиешелүү уруксат кагаздарын көрсөткөн учурда жыйым төлөөдөн бошотулуучу унаалардын категорияларын да аныктады. Булар:

  • шашылыш медициналык жардам
  • мамлекеттик органдар
  • Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому, КРдагы Улуттук Кызыл Жарым Ай коому
  • тиешелүү документтерге ылайык, гуманитардык жардамдын жүктөрүн алып жүргөндөр
  • жашаган жери жана жер үлүшү бар экендиги жөнүндө маалыматтарды камтыган жергиликтүү бийлик органдарынан берилген маалымкатты көрсөтүү менен айыл чарба продукциясын өндүрүүчү тарабынан түздөн-түз өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын ташуучулар
  • транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын өкүлдөрү
  • чет мамлекеттердин КРдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле эл аралык уюмдар.

Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка, Кайырма, Бексе-Жол, Бекитай, Моңолдор, Сары-Булак жана Кызыл-Дыйкан айылдарынын, Тунук, Суусамыр, Биринчи Май, Кожомкул жана Кызыл- Суусамыр өрөөнүндөгү Ой жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургундары жашаган жери боюнча транспорттук каражаттын каттоо документтери бар болсо, 50% жеңилдик менен акы төлөөдөн бошотулат.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен