Бийлик 150 млн долларлык инвестициялык келишимди чиновниктердин балдарынын компаниялары менен түздү - Factcheck.kg

Бийлик 150 млн долларлык инвестициялык келишимди чиновниктердин балдарынын компаниялары менен түздү - Factcheck.kg

6-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын министрлер кабинети менен «Терек-Таш» ЖЧК жана «Фирма «ЗЕНИТ» ЖЧК («ZENIT») ортосундагы цемент заводун куруу боюнча инвестициялык келишимге кол колган болчу. Инвестициянын жалпы суммасы $150 млн түзөт. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Бул келишим боюнча, Чүй областында Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Жылтыр участкасында клинкерди өндүрүү боюнча завод жана Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл аймагында цементти майдалоо заводу курулмакчы.

Factcheck.kg редакциясы бул компаниялардын ээлери ким экенин аныктаган кенен макаласын чыгарды. Төмөндө аталган порталдын журналисттеринин изилдөөсүнүн негизиндеги материал келтирилет.

«Терек-Таш» ЖЧК тууралуу маалыматтар

Компания «түстүү металлдардын башка топторуна кирбеген рудаларын казып алуу жана байытуу» менен алектенет. Ал 2014-жылы 1928-жылкы Сайра Кобенованын атына катталган. Бул бизнес түптөлүп жаткан учурда анын ээси 86 жашта болчу.

Бирок 2021-жылы фирма кайра каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрү катары Ибрагимова Кира Сергеевна жана Арапбаев Данияр Азаматович көрсөтүлгөн.

33 жаштагы Кира Ибрагимова – белгилүү ишкер, “Бакай Банкынын” акцияларынын ири кармоочусу Сергей Ибрагимовдун кызы. Атасы аталган банктын 70.62% акцияларынын ээси жана директорлор кеңешинин төрагасы.

Сергей Ибрагимов «Кыргыз Коньягы» заводуна ээлик кылат. Андан сырткары ал «Beauty Септ» соода маркасы катары белгилүү, колдун терисин профилактикалык дезинфекция кылуу менен алектенген «Идеал-Фарм» компаниясынын негиздөөчүсу болуп эсептелет. Жалпы жонунан ага 10 компания катталган.

Ибрагимов “Ак-Жол” партиясынан IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон, аталган партия ал кездеги президент Курманбек Бакиев менен тыгыз байланышта болгон. Белгилей кетсек, бир жыл мурун, июлда ишкер мамлекетке 100 млн сом которгону маалым болгон. Ошол эле кезде анын компанияларын текшерүүдө эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

Кира Ибрагимова «Бакай Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү болгондон сырткары, дагы бир нече компанияларга ээлик кылат:

«Терек Таштын» экинчи негиздөөчүсү – Данияр Арапбаев – эң бай экс-депутаттардын бири Азамат Арапбаевдин (VI чакырылыш, КСДП фракциясы) уулу болуп саналат. Ал 23 жашта. Kaktus.Media сайтынын маалыматтары боюнча, ал 2014–2016-жылдары Лондондогу Mander Portman Woodward жогорку класстардын жеке-менчик колледж-пансионунда окуган. 2022–23-жылдарга карата бир семестрдин окуу баасы 10 миң фунт стерлингди түзөт (КР Улуттук Банкынын курсу боюнча 931 миң сом). 2016-жылы депутаттын уулу Эксетер университетине тапшырган. 2021-жылы бул окуу жайында окуунун баасы 20 миңден 37 миңге чейин фунт стерлингди түзөт (КР Улуттук Банкынын курсу боюнча 1.8–3.4 млн сом).

Ал практиканы CNMC Ltd түстү металлдарды казып алуу боюнча кытай компаниясынын лондондогу офисинде, “Демир Банкта” жана КР Улуттук банкында өткөн. 2018-жылы жайында Араван цемент заводунда стажировкада болгон.

Kaktus.Media материалын жарыялагандан кийин Данияр Арапбаев редакция менен байланышып, депутаттын уулу эмес экенин билдирген жана коомдук тармактагы баракчасын өчүрүп салган.

Быйыл жайында Данияр Арапбаев совет заманындагы белгилүү саясий ишмер Корчубек Акназаровдун небереси Салима Акназаровага үйлөнгөн. Үйлөнүү тоюнун алып баруучусу катары орусиянын шоумени жана артисти Валдис Пельш чакырылган, ал эми конокторунун арасында белгилүү америкалык актер Стивен Сигал болгон.

«Терек-Таш» ЖЧКнын директору – Тугөлбаев Акыл Орозобекович. Анын акыркы иштеген жери катары Араван цемент заводу көрсөтүлгөн, анда проекттик менеджер болуп эмгектенген. Мурда ал “Кыргызтелекомдун” коммерциялык директору болгон.

osoo.kg сайтынын маалыматтары боюнча, Түгөлбаев ошондой эле «Алиппе ТВ» ЖЧКны жетектейт.

«Фирма «ЗЕНИТ» ЖЧК тууралуу маалыматтар

«Фирма «ЗЕНИТ» ЖЧК “акиташ жана гипс казып алуу” менен алектенет. Ал 1995-жылы негизделген, ал эми 2022-жылы кайра каттоодон өткөн. Бүгүнкү күндө анын негиздөөчүсү – Сергей Ибрагимовдун 23 жаштагы уулу Тимур Ибрагимов.

Тимур Ибрагимов бул күндөрү тогуз компанияга ээлик кылат: «Кыргыз Коньягы» ЖЧК«MIS PETROL LTD» ЖЧК«Sky Invest» ЖЧК«Gaz Invest» ЖЧК«Намба Маркет» ЖЧК«GABB Trade» ЖЧК«Кыргыз Мит Фуд» ЖЧК«ИДЕАЛ-ФАРМ» ЖЧК.

«Фирма «ЗЕНИТ» ЖЧКнын дагы бир негиздөөчүсү катары биз жогоруда сөз кылган Акыл Түгөлбаев көрсөтүлгөн.

«ЗЕНИТ» салык катары 2022-жылы эле жарым миллиондон ашык каражатты – 714 миң сомду төккөн. Башка жылдары анын салык төлөмдөрү 100-300 миң сомдун айланасында болгон. Бир гана 2020-жылы фирма мамлекетке 9.7 млн сом которгон.

Тыянак: Министрлер кабинети 150 млн долларлык инвестициялык келишимди мурдагы депутаттардын жана ири ишкерлердин уулдары негиздеген компаниялар менен түзгөн. Эки компаниянын Ибрагимовдордун үй-бүлөсү жана Акыл Түгөлбаев аркылуу байланыштары бар.

Мындан тышкары окуңуз

Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

КРнын Акыйкатчы институтунда Президенттин тапшырмасынын негизинде кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Президенттин иш башкармасынын маалыматына ылайык, иш-чарага Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамила Жаманбаева катышты. Анын жүрүшүндө Институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык автоунаанын ачкычтарын

РФ Борбордук банкынын эсептик чени 16,5%дан 16%га төмөндөдү

РФ Борбордук банкынын эсептик чени 16,5%дан 16%га төмөндөдү

Беш жылдагы эң төмөнкү баалардын өсүшү 2025-жылдын аягына чейин болот. Мындай билдирүүнү РФ Борбордук банкынын төрайымы Э.Набиуллина РФ Борбордук банкынын пайыздык чени боюнча чечимине арналган басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында инфляциянын максатына жетүү жолунун олуттуу бөлүгү жабылган, бирок Борбордук банк 2027-жылы нейтралдуу көрсөткүчкө жетет деп болжолдойт. Бүгүн Россия

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Токио шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты. Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити Токио шаарындагы "Акасака" мамлекеттик конок үйүнөн тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегациялардын башчылары

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кардын калың жаагандыгына байланыштуу, жол тескөөчүлөр республика боюнча ири унаа жолдорунда, тоолуу ашууларда жана кооптуу тилкелерде күнү-түнү кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салууда. ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда, жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында орган өкүлдөрү ыкчам ишчараларды көрүлүүдө. Жолдогу көйгөйлөрдү болтурбоо