Минкаб суусундуктарды чыгарган ата мекендик компаниялар пайдаланган суудан 2% салык алууну көздөөдө

Минкаб суусундуктарды чыгарган ата мекендик компаниялар пайдаланган суудан 2% салык алууну көздөөдө

Минкаб суусундуктарды, улуттук ичимдиктерди өндүргөн компаниялардан жер алдындагы сууну пайдаланганынан 2% салык алууну көздөөдө. Бул тууралуу Финансы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов кечээ, 27-сентябрда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында баяндама жасаган Иманбетов “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгын айтты. Анын айтымында, мисалы, алкоголдук жана алкоголдук эмес, ошондой эле улуттук ичимдиктерди өндүрүүгө мамлекеттин кени – жер алдындагы суу колдонулат.

“Жогоруда аталган ичимдиктердин сатылган көлөмдөрү дагы чегерүүлөрдү эсептөөдө эсепке алынбайт. Ушуга байланыштуу чегерүүлөрдү эсептөөдө – пайдалуу кендерди сатууда алардын көлөмүн толук камтуу үчүн кодекстин 128-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.

Мисалы, “Шоро” сыяктуу суусундук чыгарган ишканалар сууну сатып алса, ал төлөнүп жатат, ал эми өздөрүнүн территориясында казып чыгарып алса, төлөнбөй калып жатат. Биз мына ушул өздөрү казып чыгарып алып жаткандарга 2% салык киргизели деп жатабыз. Мындан жылына эң кеминде 200 млн сомдон бюджетке акча түшөт”, – деди ал.

Депутаттардын уруксат кагазы жок эле сууну кантип чыгарып алышат деген суроосуна Иманбетов алар лицензия менен иштей тургандыгын, сууну чыгарып алып, андан ары продукция жасаганга чейин ортодо эч нерсе төлөнбөй калгандыгын кошумчалады.

Баяндамачынын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү суу ресурстарын жана суу объектилерин пайдалангандыгы үчүн жыйымды төлөө үчүн укуктук мамилелердин бардык катышуучулары тарабынан анын ченемдерин бирдей колдонууну камсыз кылат.

Комитетте каралган «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КРнын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен