Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды - Кемпир-Абад Өзбекстанга кетиши мүмкүн
Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыштар, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кечээ, 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун жактырды.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү деген жерлер тууралуу айтып, бир аз маалымат берген соң жыйын жабык уланып, анда келишимдин долбоору добушка коюлган. Белгилей кетсек, жыйын жабык эшик артында өтүп, журналисттердин, активисттердин телефондору, тартуу аппараттары өчүрүлгөн.
“Президент менен бүгүн макулдаштык. Биздин көрсөтүп жаткан карталарыбыз жашыруун болгондуктан, эч кандай камерага тарттырбастан комитет мүчөлөрүнө, коомчулукка жана журналисттерге түшүндүрүп айтып берели деп атабыз. Кол коюлгандан кийин гана ачыктаганга укугубуз бар. Бул жакка чогулгандардын көпчүлүгүнүн жашыруун документтерге мүмкүнчүлүгү жок”, – деген анда Ташиев.
Ошондой эле ал кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар Өзбекстанга өтүп, анын ордуна Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алына турганын билдирген.
Ошондой эле ал акыркы келишимдерге ылайык, Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейерин, ал эми Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын жана суу кыргыз жарандарына жеткиликтүү болоорун айткан.
Ал эми суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган. Эгерде суу агып кете турган болсо, анда анын жерине Өзбекстан ээлик кылып калат.
Комитеттин төрагасы жыйында Чыңгыз Айдарбеков долбоорду алты депутат колдоп, төртөө каршы чыкканын айтты. “Мен бул маселе боюнча өз оюмду билдирдим. Документтерди депутаттар көргөн эмес. Мен кагаздарды көргөнгө чейин макул боло албасымды айттым. Ошондуктан мен каршы добуш бердим. Эл аралык тажрыйбанын негизинде жана биздин мыйзам боюнча эки тарап кол коюшат. Андан кийин келишим мыйзам менен ратификация катары Жогорку Кеңешке келет”, – деди Айдарбеков.
Жабык эшик артында өткөн жыйында Ташиев кабарлаган Кыргызстанга өттү делген жерлер деп төмөнкүлөрдү атаган:
- Гавасай 12 872 миң гектар
- Көк-Серек 105 гектар
- Баястан 212 гектар
- Унгар-Тоо 35 гектар
- Кара-Белес 25 гектар
- Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району)
- Шарихан каналынын башталышынан 19.5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты)
- Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.
Эскерте кетсек, 29-сентябрда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдына ондогон адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.
Алар Ташиев менен Өзбекстандын премьер-министри тарабынан кол коюлган 36-протокол боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Анткени буга чейин социалдык түйүндөрдө аталган суу сактагыч Өзбекстанга өтөт экен деген кептер тараган.
Жыйынтыгында, президент Жапаров Өзгөн шаарына барып, жабык эшик артында эл менен жолуккан. Ошондой эле аталган жолугушууда активисттердин телефондору өчүрүлгөнү айтылган.
- Эскерте кетсек, КР жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары тарабынан протоколго кол коюлган. Бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.
Кыргыз тараптан документке КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшкан.
Кошумча окуңуз:
Садыр Жапаров Өзгөндө жабык түрдө эл менен жолугушууда — президенттин кабарчысы
Президенттин маалымат кызматы Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу так маалымат берген жок