Талас районундагы дарыяларына дагы 20 миң форелинин чабактары кое берилди – долбоорду «Альянс Алтын» колдооду

Талас районундагы дарыяларына дагы 20 миң форелинин чабактары кое берилди – долбоорду «Альянс Алтын» колдооду

Балык запастарын калыбына келтирүү максатында Талас районундагы жайлоодо жайгашкан Түз-Ашуу жана Чоң-Чычкан дарыяларына дагы 20 000 севан форелинин чабактары кое берилди. Бул демилге Талас регионалдык жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгы тарабынан «Альянс Алтын» компаниясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Экологдордун айтымында, тандалган жерлер форель балыктарынын өсүшү үчүн жагымдуу табигый шарттарга ээ: салкын, кычкылтекке бай суу жана туруктуу температуралык режим жаш балыктардын өнүгүшү үчүн идеалдуу чөйрө түзөт. Чабактар Ысык-Көл облусундагы Тоң балык заводунан алынып келинген жана бардык ветеринардык сертификаттарга ээ.

Бул аймактагы балык популяциясын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттердин биринчи этабы эмес. Буга чейин эле ушул эле суу объектилерине 35 000 чабак коё берилген болчу. Адистердин байкоосуна караганда, 2,5 жыл ичинде айрым балыктар 23 сантиметрге чейин жеткен, бул алардын жакшы өсүшүн жана жогорку жашоо деңгээлин тастыктайт.

Акыркы жылдары Талас облусунун дарыяларындагы балык санынын кескин азайышы мыйзамсыз аңчылык жана экологиялык тең салмактын бузулушу менен байланыштырылат. Бул маселени чечүү үчүн экологдор коомдук жоопкерчиликтүү бизнес менен биргеликте биоресурстарды калыбына келтирүү боюнча системдүү иштерди улантып жатышат.

«Альянс Алтын» компаниясы туруктуу өнүгүү жана аймактагы жаратылыш ресурстарын сактоо принциптерин бекем карманарын баса белгилейт. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешкен аракеттер биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана экологиялык туруктуулукту камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media
Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы кубаттуулугу 230 МВт болгон эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 25-октябрдагы иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө караганда, биринчи долбоор Айры-Там айыл аймагында ишке ашырылып, 204 гектар жерге күн панелдерин орнотуу каралган. Станциянын кубаттуулугу 130 МВтты,

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы

Ишкер Media
Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу

Ишкер Media