Тогуз айда мыйзамсыз курулуштарга 10.8 млн сом айып салынган - анын 4 млн сому гана өндүрүлдү

Тогуз айда мыйзамсыз курулуштарга 10.8 млн сом айып салынган - анын 4 млн сому гана өндүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан мыйзамсыз курулуштарга 10 млн 82 миң сом айып салынган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алтынбек Бегалиев билдирди.

Анын берген маалыматына таянсак, учурда алардан 4 млн сом өндүрүлгөн.

«Мамлекеттик агенттик тарабынан курулушту көзөмөлдөө линиясы боюнча 421 текшерүү жүргүзүлүп, 141 өз алдынча курулуш объектилери аныкталган», – деди ал.

Бегалиев тогуз айдын жыйынтыгы боюнча курулуп жаткан объектилердин реестрине 3613 имарат жана курулуш киргизилгендигин, анын ичинен 2675 капиталдык курулуштун тизмесине, 938 чакан курулуш объектердин тизмесине киргизилгендигин айтып өттү.

Ошондой эле Мамкурулуш тогуз айда 420 курулуш лицензиясын берген.

Мамкурулуштун директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраевдин айтымында, 420 лицензиянын 416сы юридикалык жактарга, төртөө жеке ишкерлерге берилген. Жалпысынан 304 уюм биринчи жолу лицензия алган.

«Курулуш тармагындагы адистерге 1688 мамлекеттик квалификациялык сертификаттар берилди. Баштапкы – 647, мөөнөтсүз – 1041. Имараттардын энергия натыйжалуулугу боюнча энергоаудитордук адистин 21 сертификаты берилди», – деди Абдыраев.

Ошондой эле Мамкурулуштун өкүлдөрү 2021-жылы 520 уруксат кагазы берилгенин, анын 375ин бейөкмөт уюмдар алганын кошумчалады. Ошол эле учурда алардын 70%га жакыны жаңы түзүлгөн уюм болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен