Минкаб декларация тапшыруу боюнча өзгөртүлүп жаткан мыйзам долбоорун парламентке алып чыкты

Минкаб декларация тапшыруу боюнча өзгөртүлүп жаткан мыйзам долбоорун парламентке алып чыкты

Бүгүн, 18-октябрда ушул сааттарда Жогорку Кеңеште «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» парламенттик угуу өтүүдө.

Жыйында Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбооруна презентация жасады.

Анын айтымында, КРнын тарыхында 2008-2009 жана 2013-14 жылдары 3 легалдаштыруу кампаниясы өткөрүлгөн. Бир гана 2013-14-жылдары 9840 декларация тапшырылган. Тагыраак айтканда, ошончо адам гана өзүнүн мүлкүн легалдаштырган. Анын ичинен 83 декларант 37.3 млн суммадагы бир жолку декларация төлөмүн төлөшкөн.

Ал эми 2020-жылдын декабрындагы мыйзамга ылайык, 4-легалдаштыруу кампаниясы жүргүзүлүүдө. Ага ылайык, 70 млн сомго чейинки сумманы легалдаштырууда төлөм жок, бирок андан ашса, мисалы, 200 млн сомго тапшырса, анда 2 млн сом төлөйт деген шарт коюлган. Бирок учурда дал ушул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

“Ал эми азыркы биздин мыйзамда 100 млн сомго чейинки суммага эч кандай төлөм жок, бирок андан канча ашпасын 1 млн сом эле төлөйт. Бул эмне үчүн жасалып жатат? Легалдаштыруунун канча суммада болгонун белгисиз кылуу үчүн бир эле сумма көрсөтүлүп жатат”, – дейт ал.

Легалдаштыруунун негизги максаты – жалпы салыктык декларацияны даярдоо. Асылкулов азыркы күнгө чейин тапшыргандардын саны – 500 миңдин тегерегинде болуп жатканын айтат.

“Статистикага карасак, баш-аягы болуп 3.5 млн адам тапшырат деп болжолдонуп турат. Эмдиги жылдан баштап бюджеттен каржыланган ишкер адамдар, андан соң чет өлкөлүк уюмдардан айлык алгандар, 300 миң сомдон ашкан буюмду бир сатып алган адамдар тапшырышат. Бул этап-этап менен бөлүнгөн.

2023-жылдан баштап салык салынчу киреше алган адамдар тапшырышат. Ал эми 2025-жылдан тартып, бардык категориядагы адамдар, 18 жаштан баштап тапшырууга милдеттендирилет. Студент, пенсионер, иштеген, иштебегендер баары тапшырышат”, – деди ал.

Декларациялоо активдеринин наркы декларант тарабынан өз алдынча аныкталат жана корсөтүлгөн наркка ылайык келиши текшерилбейт.

“Декларациялык төлөм кирешелерди жана мүлктөрдү легалдаштырууда анын наркы 100 млн сомдон ашкан кезде 1 млн сомду түзөт жана ал декларант тарабынан республикалык бюджеттин кирешесине төлөнчү бир жолку төлөм болуп саналат”, – дейт Асылкулов.

Декларация бир нускада толтурулат жана ал декларантта калат, ал эми ыйгарым укуктуу органдын кызматкерине декларациянын көчүрмөсүн алууга тыюу салынат.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17