Монополияга каршы кызматты материалдык жактан камсыздоого 19 млн сом бөлүнөт

Монополияга каршы кызматты материалдык жактан камсыздоого 19 млн сом бөлүнөт

Монополияга каршы агенттикти материалдык жактан колдоого өзүнүн кирешесинен 19 млн сом бөлүнүп берилет. Бул тууралуу кечээ, 17-октябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев министрлер кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы 542-тескемеси макулдашууга киргизип жаткандыгы тууралуу баяндама жасады.

“Ал тескемеге ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына аны өнүктүрүү жана материалдык жактан камсыздоо үчүн алардын кирешесинен 19 млн 239 миң сом бөлүп берүү боюнча аталган тескемени колдоп берүүңүздөдү суранабыз”, – деди Сүйналиев.

Жыйында депутат Дастан Бекешев Монополияга каршы агенттиктин төрагасынан алардын кирешеси каяктан келип жатканына кызыкты.

“Бул негизинен жөнгө салуу чөйрөлөрдөн, негизсиз киреше алгандардан келген. Ал эми административдик айып пулдар 100% бюджетке кетет. Мисалы, “Кыргызаэронавигация” деген ишкана бар, алар биз койгон баадан ашыкча кылып, негизсиз киреше алган. “Унаа” мамлекеттик мекемесинин тарифтерин түшүрүп, 38 млн сом бюджетке чегергенбиз”, – деди агенттиктин төрагасы Кеңешбай Тайлаков.

Жыйындын соңунда комитетте аталган тескеме колдоо тапты. Андан соң комитеттин төрагасы Данияр Толонов жабык эшик артында карай турган 3 маселе бар экендигин айтып, камераларды, микрофондорду өчүргүлө деген буйругун берди.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен