Депутат Мурадил Сыдыковдун жубайы быйыл 26 млн сомдук тендерди утуп алган - фактчек

Депутат Мурадил Сыдыковдун жубайы быйыл 26 млн сомдук тендерди утуп алган - фактчек

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын жубайына таандык MS Building курулуш компаниясы жалпы суммасы 26.4 млн сомдук курулуш тендерлерин утуп алган. Бул тууралуу Factcheck.kg сайтынын журналисттери аныкташты.

Маалыматта аз убакыт мурда бул бизнес Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Мурадил Сыдыковдун наамына катталганы көрсөтүлгөн. Компания азыр анын жубайына таандык.

Иликтегендер “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга ылайык, чиновниктердин жана депутаттардын жакындарынын тендерлерге катышуусуна, ошондой эле мамлекеттик сатып алуу процессинин өзүнө кандайдыр бир таасир этүүгө тыюу салынганын эскертет.

Компания өз ишмердүүлүгүн 2007-жылы баштаган жана «турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу», ошондой эле ар кандай татаалдыктагы жылуулук, суу, электр менен жабдуу сыяктуу инженердик тармактагы бир канча иш менен алектенет. Компания 2022-жылдын 19-июлунда кайра каттоодон өтүп, азыр Токтосунова Айза Кубулбековнага катталган. Анын бир тууганы Ренат Кубулбекович Урдолетов ишкананын директору. Буга чейин депутат өзү компаниянын директору жана негиздөөчүсү болуп турган жана ал 2021-жылдын 29-декабрында ант берген.

MS Building компаниясы өзү жыл сайын ири суммадагы тендерлерди утуп алат. Алсак, 2017-жылы компания жалпысынан 188 млн сомдук келишимдерге кол койгон.

Мурадил Сыдыков 2021-жылдын декабрь айында “Ынтымак” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү болот. Ал эми 2022-жылы анын жубайынын компаниясы утуп алган тендерлердин суммасы 26 млн сомду түзгөн.

Көбүнчө компания Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынан, ошондой эле «Бишкексвет» жана «Бишкек жылуулук тармагы» ишканаларынан тендерлерди утуп алган.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын 6-беренесине ылайык, аффилирленген жактарга мамлекеттик сатып алуулардын кайсы гана этабында болбосун, кандайдыр бир берүүчүнүн кызыкчылыгы үчүн чечимдерге кандайдыр бир таасир көрсөтүүсүнө тыюу салынат.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен