Кыргызстандагы жолдордун сапаты дагы эле дүйнөлүк орточо деңгээлден төмөн - 113-орунда турат

Кыргызстандагы жолдордун сапаты дагы эле дүйнөлүк орточо деңгээлден төмөн - 113-орунда турат

КР Транспорт министрлиги (Quality of roads) Global Competitiveness Report глобалдык изилдөөсүндө өлчөнгөн көрсөткүчтөргө ылайык, жолдордун сапаты боюнча Кыргызстан 113-орунду ээлегенин айтат.

Жалпысынан тизмеге 138 өлкө киргизилген. Ал эми Кыргызстан 2016-жылы 131-орунду ээлеп турган, бирок 2019-жылга карата акыркы маалыматтар боюнча 113-орунду ээлеген.

Министрлик бул өлкө басып өткөн узак жол жана бул мезгилде көптөгөн долбоорлор жүзөгө ашырылганы менен түшүндүрөт.

Алар:

1. Кыргызстанды Кытай менен байланыштырып турган «Бишкек – Торугарт» унаа жолун реконструкциялоо

2. Өлкөнү коңшу Тажикстан менен байланыштырган «Бишкек – Ош» жана андан кийин — «Ош – Баткен – Исфана» унаа жолдору

3. Сарыташ жана Карамык пункттары аркылуу Кытай жана Тажикстанга чыгууга жол ачкан Жол долбоору.

“Бирок биздин жолдорубуздун абалы начар. Дүйнөлүк экономикалык форумдун баалоосу боюнча Кыргызстан жолдордун сапатын жакшыртууда бир топ ийгиликтерге жетишти (2006-жылдагы 1.9 баллдан 2019-жылы 3.1 баллга чейин). Бирок жолдордун сапаты дагы эле дүйнөлүк орточо деңгээлден төмөн, ал 4 баллдын тегерегинде өзгөрүп турат. Азыркы позиция Кыргызстандын жолдорунун сапаты дагы эле дүйнөлүк орточо деңгээлден төмөн экенин айтып турат”, – дейт Транспорт министрлиги.

Жолдорду пайдалануу

Ири долбоорлор тышкы финансылык каражаттардын эсебинен каржыланганын эске алганда, Транспорт министрлиги өлкө жол тармагындагы мындан аркы узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча так көз карашын түзүшү керектигин айтат.

“Жолдорду пайдалануунун узак мөөнөтү 20-24 жыл, ошондой эле бул алардын эсебинен курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан тышкы донорлордон насыялык каражаттарды алуунун мөөнөтү менен дал келет. Бул өлкө насыяны төлөп бүтөөрү менен мурда салынган жолду реабилитациялоо же реконструкциялоо үчүн жаңы инвестицияларды издөө зарылдыгы келип чыгат дегенди билдирет. Анан кантип өлкөбүз түбөлүк туюк насыялык айлампадан чыга алат?

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянуу менен биз жолдо жүрүү үчүн жыйым алууга суроо-талаптын өсүү тенденциясын байкап жатабыз, ал 20 жылда бир жолу жолду реконструкциялоого кеткен чыгымдарды жарым-жартылай жабат. Албетте, жыйым бардык жолдордон алынбайт жана баасы 2021-жылга карата минималдуу эмгек акынын акыркы маалыматтарын эске алуу менен гана белгиленет. Бул өз кезегинде насыялык каражаттарга болгон муктаждыкты азайтып, Кыргызстандын башка өлкөлөрдүн алдындагы тышкы карызын жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Ошондой эле жолдордун сапатын өз убагында жакшыртууга мүмкүндүк берет жана жол-транспорттук коммуникациялар тармагында толук деградацияга алып келбейт”, – дейт министрлик.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17