Садыр Жапаров коррупцияны азайта албаганын мойнуна алды

Садыр Жапаров коррупцияны азайта албаганын мойнуна алды

“Мен өлкөгө жетекчи болуп келгенден бери коррупция менен күрөшүүнү башкы милдет кылгам, бирок коррупциянын тамыры кеңири жайылып, коомду бул илдеттен толук арылтуу азырынча мүмкүн болбой жатканын моюнга алышыбыз керек”. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда, өтүп жаткан биринчи элдик курултайда президент Садыр Жапаров билдирди.

«Коррупция азайбай жатат. Бул илдет эки баштуу ажыдаарга айланды: бир башын кесип салсак, экинчиси дароо өсүп чыгып жатат», – деп наалыды президент.

Жапаров коррупция менен күрөш уланып жатканын, жеңилип берүү болбойт экенин айтты.

«Эгерде элибиз ал менин тууганым же жердешим деп коррупционерлерди коргой берсе, анда бул оорудан эч качан арыла албайбыз. Баарыбыз, ар бирибиз мамлекеттин, элдин мүлкүн уурдаган коррупционерлерди колдобой, “Коррупционерсиңби? Анда мыйзам алдында жооп бересиң”, – деп сынга алсак, ошондо гана коррупцияны чогуу жеңебиз», – деп ал сөзүн улантты.

Мындан тышкары окуңуз

Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун 31-январдагы жарлыгы менен Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү уюштуруу Ички иштер министрлигинин карамагынан алынып, Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин "Азаттык" жазды. Тагыраак айтканда, техникалык кароо аталган башкармалыктын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна карайт. Мамлекет башчысы бул чечимди өлкөдө транспорттук каражаттардын техникалык

Кыргызстан 2030-жылга чейин транспорттук потенциалды жгорулатууну көздөйт

Кыргызстан 2030-жылга чейин транспорттук потенциалды жгорулатууну көздөйт

Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында транспорт жана логистика тармагында өлкөнүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган чаралар комплекси каралганын "Кыргыз Экспорт" борборунун директору Урмат Такиров "B5+1" форматындагы V "Транспорт жана логистика боюнча регионалдык ишкердик күн тартиби" тармактык сессиясында билдирди.

Президент "Кызмат" мамлекеттик ишканасын өзүн өзү каржылоого өткөрдү

Президент "Кызмат" мамлекеттик ишканасын өзүн өзү каржылоого өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 26-январда "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Аталган документке ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин ишин каржылоого байланышкан маселелерди убактылуу жөнгө салуу боюнча апробациялык режим киргизилет. Апробациялык

Кыргызстандын минералдык ресурстарынын көлөмү 177 млрд доллар турат-Аскар Сыдыков

Кыргызстандын минералдык ресурстарынын көлөмү 177 млрд доллар турат-Аскар Сыдыков

Кыргызстанда минералдык ресурстардын жалпы көлөмү 177 млрд долларга бааланарын "B5+1" бизнес-форумунун алкагында өткөн "Критикалык минералдар боюнча B5+1 диалогу" аттуу панелдик сессияда Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди. Анын айтымында, республикада 1 миңден ашуун кен жай катталган, бирок алардын жарымынан азы гана