Милиционерлер көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга жардам бериш керек - Акылбек Жапаров

Бүгүн, 27-декабрда Бишкектеги эски аянтта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Милиция кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөгөн Акылбек Жапаров Кыргызстанда 1800дөн ашык калктуу пункттарда аймактык тескөөчүлөр же эскиче айтканда участковыйлар – экономиканын өнүктүрүүнүн негизги таянычтары экенин айтып, экономикалык өнүгүүдө алардын жардамы чоң экенин белгиледи.

“Башкасын айтпасам да, кылмыштын эки түрүндө сиздер бизге жардам беришиңиздер керек. Биринчиси – контрабанда, экинчиси – көмүскө экономика. Булар – мамлекетти артка тарткан экономикалык иш чөйрөсүндөгү чоң кылмыштар жана жоопкерчиликке тартууга жатат. Контрабанда жана көмүскө экономика наркобизнес катышкан кылмыштан эч айырмасы жок”, – деди Жапаров.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы тартип сакчыларына 5 багыттагы тапшырма койду:

  • Биринчиси: Жаңы жылдык иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыздоо көрсөтмөлөрү так аткарылсын.
  • Экинчи: Ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкердин жана өздүк курамдын тартибине жооп берет.
  • Үчүнчү: Жол коопсуздугун тыкыр көзөмөлгө алыңыздар. Үй-бүлөлүк зомбулукка, жаш өспүрүмдөр менен байланышкан кылмыштарга, жаш балдардын дайынсыз жоголуусуна, коомдук жайлардагы кылмыштын бардык түрлөрүнө бөгөт коюлсун. Өлкөнүн бүт аймактарында тартип сакталсын.
  • Төртүнчү: Кылмыштуулукка, экстремизмге, террорчулукка жол бербөө үчүн ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлсүн. Убактылуу кармоочу жайларды, элчиликтерди, маанилүү жана өтө маанилүү объектилерди кайтаруу күчөтүлсүн.
  • Бешинчи: Милиция кызматкерине жардам сурап кайрылган ар бир жаранга реалдуу жардам көрсөтүлсүн. Бир дагы жаран милицияга нааразы болбосун.

2022-жылдын 29-декабрынан 2023-жылдын 1-январына чейин ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн режиминде кызматын өтөшөт.


Эскерте кетсек, Кыргызстанда өндүрүш тарабынан бааланган байкоо жүргүзүлбөгөн (жашыруун жана формалдуу эмес) экономиканын көлөмү 2021-жылы 155 млрд сомду же ИДПга карата 21%ды түзгөн. Бирок эксперттер өлкөдө көмүскө экономика 40%дан да ашарын айтып келишет.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун