Садыр Жапаровдун кудасы «Кыргызалтындын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары болду

Садыр Жапаровдун кудасы «Кыргызалтындын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары болду

12-апрелде 30 жаштагы Азамат Шаршенбиев «Кыргызалтындын» директорлор кеңешинин курамына Бекмурза Өмүралиевдин ордуна директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. Бул тууралуу «Клооп» басылмасы жазып чыкты.

«Клооп» билдиргендей, «ПолитКлиника» басылмасы өз маалымат булактарына таянып, Шаршенбиев президент Садыр Жапаровго куда болорун жазган.

«ПолитКлиниканын» изилдөөсүнө ылайык, Шаршенбиев Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктаган. 2017-2019-жылдары «РСК Банктын» Чүй филиалында кассир болуп иштеп, кадрлар бөлүмүндө адис болгон. 2021-жылы «Манас» аэропортунда бухгалтер жана башкы логистика кызматкери болуп иштеген.

КФБ сайтындагы маалымат


«Клооп» президенттин басма сөз катчысынан комментарий сураган. Эрбол Султанбаев басылмага: “Бул маселе мамлекет башчынын ыйгарым укуктарына кирбейт жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо же бошотуу чечимин компаниянын директорлор кеңеши кабыл алат”, — деп жооп берген.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га