Салыкчылар күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу схемасын калкалаган – УКМК

Салыкчылар күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу схемасын калкалаган – УКМК

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып келип саткандарды калкалаганы үчүн салык кызматкерлери кармалды. Бул туурасында УКМК билдирди.

Такталгандай, салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Б.Р.К., ошондой эле Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча эсепке алынбаган товарлар жана товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Н.Д.О. узак убакыт бою кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

«Чет өлкөдөн алып келинген күйүүчү май түндүк регионунан түштүктөгү облустарга алып өтүү шылтоосу менен салык органдарында эсепке алынган эмес. Ал фирмалардын күйүүчү май ташыган унааларын Салык кызматынын «Сосновка» жана «Кара-Көл» көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан тоскоолдуксуз өткөрүшкөн. Бул коррупциялык схемага колдоо көрсөткөндүгү үчүн салыкчылар майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон алып турганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Салык кызматынын Панфилов районундагы башкармалыгынын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы А.Т.М. жана Жайыл районундагы башкармалыгынын салыктык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору М. у. Б. жасалма электрондук товар-транспорттук кагаздарына штамп чаптап, түштүк аймактарга күйүүчү-майлоочу майды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан. Бул кызматына ар бир документ үчүн 5 миң сомдон алганы ырасталган.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен