Елена Калашникова эки айга камакка алынды

Елена Калашникова эки айга камакка алынды

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова эки айга камакка алынды. Чечимди 19-майда Биринчи Май райондук соту кабыл алганын «Азаттык» радиосу билдирди.

ММКларда белгиленгендей, Калашникова 22-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда калат. Ушундай эле чараны анын орун басары Александр Валитовго да кабыл алышкан.

Эске салсак, буга чейин 18-майда УКМКнын басма сөз кызматы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары коррупция жана бөлүнгөн каражатты ири өлчөмдө ысырап кылган деген шек менен кармалганын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын кызмат ордуна Марлен Маматалиевдин талапкерлиги каралды. Анда депутаттар жашыруун добуш беришти. Эл өкүлдөрүнүн түзүлгөн эсептөө комиссиясы добуштарды санап чыкты. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп депутат Марлен Маматалиев шайланды. 77 эл өкүлү - “макул” жана 5 депутат “каршы” деп добуш берди. Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгы 2027-жылдын аягына чейин алынбай турганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинети ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө калтырды. Тиешелүү өзгөртүүлөр "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз

ШКУ алкагында өсүмдүктөр карантини кызматташтыгы күчөтүлөт

ШКУ алкагында өсүмдүктөр карантини кызматташтыгы күчөтүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары М.Б. Асыпбеков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда алдыда өтө турган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташтык боюнча министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин Кеңешмесине даярдык

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын мэрияга өткөрүп берүүгө даяр

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын мэрияга өткөрүп берүүгө даяр

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын шаар мэриясынын балансына өткөрүп берүүгө даяр экенин коргоо министри Руслан Мукамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат Бакыт Тентишев бул маселени чечүү зарылдыгын белгилеп, негизги көйгөй от казандын абалына байланыштуу экенин айтты. "Мен тургундар менен жолугуп, эмне болуп жатканын сурап жатам. Айрымдары Коргоо министрлиги