Президент Садыр Жапаров кайрадан Москвага барат

Президент Садыр Жапаров кайрадан Москвага барат

Президент Садыр Жапаров II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана ЖЕЭК отурумуна катышат. Иш чаралар 2023-жылдын 24-25-майында Москвада өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, Жапаров ЕАЭБ башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле 25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, Биримдиктин мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашат.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалган.

Мындан тышкары окуңуз

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгы 2027-жылдын аягына чейин алынбай турганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинети ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө калтырды. Тиешелүү өзгөртүүлөр "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз

ШКУ алкагында өсүмдүктөр карантини кызматташтыгы күчөтүлөт

ШКУ алкагында өсүмдүктөр карантини кызматташтыгы күчөтүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары М.Б. Асыпбеков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда алдыда өтө турган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташтык боюнча министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин Кеңешмесине даярдык

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын мэрияга өткөрүп берүүгө даяр

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын мэрияга өткөрүп берүүгө даяр

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын шаар мэриясынын балансына өткөрүп берүүгө даяр экенин коргоо министри Руслан Мукамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат Бакыт Тентишев бул маселени чечүү зарылдыгын белгилеп, негизги көйгөй от казандын абалына байланыштуу экенин айтты. "Мен тургундар менен жолугуп, эмне болуп жатканын сурап жатам. Айрымдары Коргоо министрлиги

Салык кызматына чогулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет

Салык кызматына чогулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйынына катышты. "Бишкек – мамлекетибиздин борбору жана мамлекеттик казынага олуттуу салым кошкон маанилүү каржы борбору. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет – бул болжол менен 65%