Президент Садыр Жапаров Москвага келди – ал ЖЕЭКтин отурумуна катышат

Президент Садыр Жапаров Москвага келди – ал ЖЕЭКтин отурумуна катышат

КРнын президенти Садыр Жапаров 24-майда II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Москвага келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртеси, 25-майда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

Мындан тышкары окуңуз

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгы 2027-жылдын аягына чейин алынбай турганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинети ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө калтырды. Тиешелүү өзгөртүүлөр "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз

ШКУ алкагында өсүмдүктөр карантини кызматташтыгы күчөтүлөт

ШКУ алкагында өсүмдүктөр карантини кызматташтыгы күчөтүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары М.Б. Асыпбеков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда алдыда өтө турган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташтык боюнча министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин Кеңешмесине даярдык

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын мэрияга өткөрүп берүүгө даяр

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын мэрияга өткөрүп берүүгө даяр

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын шаар мэриясынын балансына өткөрүп берүүгө даяр экенин коргоо министри Руслан Мукамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат Бакыт Тентишев бул маселени чечүү зарылдыгын белгилеп, негизги көйгөй от казандын абалына байланыштуу экенин айтты. "Мен тургундар менен жолугуп, эмне болуп жатканын сурап жатам. Айрымдары Коргоо министрлиги

Салык кызматына чогулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет

Салык кызматына чогулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйынына катышты. "Бишкек – мамлекетибиздин борбору жана мамлекеттик казынага олуттуу салым кошкон маанилүү каржы борбору. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет – бул болжол менен 65%