Жээнбек Кулубаев INTPA C жетекчиси менен жолукту

Жээнбек Кулубаев INTPA C жетекчиси менен жолукту

2023-жылдын 23-майында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Европа Бирлигинин делегациясын жетектеген Европа Комиссиясынын INTPA C (Жакынкы Чыгыш жана Азия-Тынч океан региону боюнча эл аралык кызматташтык) директору Петерис Устубс менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу мекеме маалымдады.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-европа кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды жана аймактык иш-чараларды уюштуруу пландары талкууланды.

Мындан тышкары, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, санариптик трансформация, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана спутник байланышын өнүктүрүү жаатындагы көп жылдык индикативдик программанын алкагында долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын кызмат ордуна Марлен Маматалиевдин талапкерлиги каралды. Анда депутаттар жашыруун добуш беришти. Эл өкүлдөрүнүн түзүлгөн эсептөө комиссиясы добуштарды санап чыкты. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп депутат Марлен Маматалиев шайланды. 77 эл өкүлү - “макул” жана 5 депутат “каршы” деп добуш берди. Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгы 2027-жылдын аягына чейин алынбай турганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинети ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө калтырды. Тиешелүү өзгөртүүлөр "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз

ШКУ алкагында өсүмдүктөр карантини кызматташтыгы күчөтүлөт

ШКУ алкагында өсүмдүктөр карантини кызматташтыгы күчөтүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары М.Б. Асыпбеков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда алдыда өтө турган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташтык боюнча министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин Кеңешмесине даярдык

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын мэрияга өткөрүп берүүгө даяр

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын мэрияга өткөрүп берүүгө даяр

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын шаар мэриясынын балансына өткөрүп берүүгө даяр экенин коргоо министри Руслан Мукамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат Бакыт Тентишев бул маселени чечүү зарылдыгын белгилеп, негизги көйгөй от казандын абалына байланыштуу экенин айтты. "Мен тургундар менен жолугуп, эмне болуп жатканын сурап жатам. Айрымдары Коргоо министрлиги