Кыргызстан менен Кытай «Барскоон – Бедел – Учтурфан» автожолун куруусун талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай) болгон иш сапарынын алкагында, Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй менен жолукту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда кыргыз-кытай чек арасында жаңы «Бедел» өткөрүү пунктун ачуу жана «Барскоон – Бедел – Учтурфан» унаа жолун куруу мүмкүнчүлүгү каралды.
Ошондой эле, «Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштешин камсыз кылуу жана модернизациялоо эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданы олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берээри айтылды.