КР тышкы иштер министри Монголиянын президенти менен жолугат

КР тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Монголияга расмий сапары менен барды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Расмий сапардын алкагында Кулубаеевдин Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурелсух менен жолугушуу пландалган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына КР Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, КР Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов, Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кирген.
Минкабдын өкүлдөрү Монголиянын Экономика жана өнүгүү министрлигинин, Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин, Салык кызматынын жана Токой чарба агенттигинин жетекчилери менен жолугуушуларды өткөрүшөт.