Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты

2023-жылдын 30-майында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди.
Такталгандай, Кулубаев эки мамлекеттин соода-экономикалык мамилелерин, анын ичинде айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
«Жолугушууда тышкы иштер органдарынын жетекчилери саясий диалогду бекемдөө, жогорку деңгээлдеги сапарларды өткөрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты», - деп белгиледи маалымат кызматы.