Жогорку Кеңеште Мамкурулуштун жетекчисин кызмат ордунан бошоттуну сунушталды

Жогорку Кеңеште Мамкурулуштун жетекчисин кызмат ордунан бошоттуну сунушталды

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Мамкурулуштун директорунун кызмат ордун кароо маселесин көтөрдү.

Маалыматка ылайык, талкуу маалында депутат Эмил Жамгырчиев жетекчинин комитетте жасаган баяндамасын сынга алып, негиздүү фактыларга көңүл бурулбаганын белгилесе, дагы бир депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусунда курулуп жаткан турак жайлардын сапаты жана сарпталган каражаттар боюнча маселе көтөрдү. Бирок Архитектура, курулуш, жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жапаркулов бул багытта алдыдагы күндөрү толук маалымат болот деп жооп берди.

Депутат Искендер Матраимов болсо аймактарда курулуш тармагына тиешелүү маселелер курч болуп турган чакта, жетекчинин чет өлкөгө байма-бай иш сапарларына чыгуусун сындап, агенттиктин директорун өз ишине татыксыз деп сыпаттады.

«Учурда кайсыл аймакта, канча курулуш жүрүп жатканын толук билбейсиз, кайрылуу каттарга дурус жооп бербейсиз. Президент ишенип, жооптуу кызматка дайындаган жетекчинин иш-аракетинен жыйынтык жок»,- деди Искендер Матраимов.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү агенттиктин директорунун кызмат ордун кароону министрлер кабинетине жөнөтүү сунушун колдошту.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө