2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген.

Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны түзгөн. Ал эми төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 10,7 эсеге өсүп, 908,6 млрд сомго жеткен.

Улуттук банк бул көрсөткүчтөрдү калк арасында мобилдик банкинг, интернет-банкинг жана QR-төлөмдөрдү колдонуу маданиятынын кеңейиши менен байланыштырууда. Санариптик төлөм кызматтарына болгон суроо-талаптын өсүшү өлкөдөгү финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн да жогорулатууда.

2025-жылы Улуттук банк накталай эмес эсептешүүлөрдү колдоо максатында -мобилдик тиркемелер, интернет-банкинг жана QR-код аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр үчүн комиссияларды алып салуу мөөнөтүн узарткан. Ошондой эле эл аралык акча которуулар боюнча дагы комиссиялар токтотулган.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media