“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда
“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди.
Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты.
Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Социалдык тармактарда жакында эле “Манас” аэропортуна барчу трассанын боюндагы теректер кыйылып жатканы тууралуу маалымат тарады. “Манас” эл аралык аба майданынан бактарды кыюу жаңы альтернативалык жолдун курулушуна жана учурдагы трассаны кеңейтүүгө байланыштуу экенин түшүндүрдү.
Компания жолду кеңейтүү жүргүнчү агымынын көбөйүшүнө жана жаңы терминалдык комплекстин курулушуна байланыштуу трассанын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл экенин белгиледи.