Режеп Тайып Эрдоган президент Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды

Режеп Тайып Эрдоган президент Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды

КРнын президенти Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош түрк элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Өз кезегинде Түркиянын президенти Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

АӨБ президенти Масато Канда Бишкектеги электробустарды көрүп чыкты

АӨБ президенти Масато Канда Бишкектеги электробустарды көрүп чыкты

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен жолугушуп, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын №2 автобекетине барды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Иш сапардын максаты — "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорунун алкагында алынган электр автобустарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү

ИИМ: Чет өлкөдө жана Кыргызстанда мыйзам сактоо боюнча негизги кеңештер

ИИМ: Чет өлкөдө жана Кыргызстанда мыйзам сактоо боюнча негизги кеңештер

Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын чет өлкөгө чыгып жаткан жарандары жана өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар чет мамлекеттин мыйзамдарын, коомдук тартипти жана каада-салттарын урматтоого милдеттүү экендигин эскертет. Белгиленген эрежелерди билбөө же кайдыгер мамиле кылуу административдик же кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн. Кыргызстандыктарга жана чет элдик жарандарга мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүн алдын ала

Кыргызстанда 9 айда 27 млн 504,3 миң сомго тамеки продукциясы өндүрүлдү

Кыргызстанда 9 айда 27 млн 504,3 миң сомго тамеки продукциясы өндүрүлдү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2025-жылдын январь-октябрь айларында жалпы 27 млн 504,3 миң сомго тамеки продукциясы өндүрүлгөн.  Өткөн жылдын ушул мезгилине карата өндүрүш көлөмү 13 млн 907,5 миң сомду түзгөн. Октябрь айында өндүрүш көлөмү 1 млн 819,6 миң сомду түзсө, былтыркы октябрь айында ал 1 млн

Токмоктогу жылына 10 миң дөңгөлөктү кайра иштетүүчү завод лицензи алды

Токмоктогу жылына 10 миң дөңгөлөктү кайра иштетүүчү завод лицензи алды

“Кумтөр Голд Компани” ЖЧКсынын Токмоктогу дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү филиалы калдыктарды утилдештирүү укугуна лицензия алганын компаниядан билдиришти.  Баса белгилегендей, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан берилген лицензия ишканага автоунаа дөңгөлөктөрүн утилдештирүү боюнча акылуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт. Бул экологияга оң таасирин тийгизет. Завод жылына ар кандай типтеги жана көлөмдөгү