Акылбек Жапаров Кыргызстанда россиялык университеттердин филиалдарын ачууну сунуштады

Акылбек Жапаров Кыргызстанда россиялык университеттердин филиалдарын ачууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына РФнын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Такталгандай, Жапаров М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин, Жогорку Экономика мектебинин филиалдарын Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле К.И.Скрябин атындагы Кыргыз-Россия агрардык технологиялар жана биомедицина институтун К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында ачууну сунуштады.

Билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеген минкаб төрагасы Мишустинге КРнын аймагында 9 жалпы орто мектебин куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу Жогорку Кеңештин үч окуусунан өткөнүн жана Президенттин кол коюусуна даярдалып жатканы тууралуу билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.  Төлөм

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол чийиндери аба ырайы жакшыргандан кийин түшүрүлөрүн эскертти. Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга чакырат. Кыргызстандын экономика,

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык

“Талас Даамы” ишканасы 30 тоннага жакын сүт кабыл алууда

“Талас Даамы” ишканасы 30 тоннага жакын сүт кабыл алууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаевдин Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы ири сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын бири болгон “Талас Даамы”ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, сүт жана сүт азыктары өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу стратегиялык